Эсеп-фактурадан бошотулган субъекттерден товар сатып алуу тартиби

Эсеп-фактурадан бошотулган субъекттерден товар сатып алуу тартиби

Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды колдонуга милдеттүү болгон салык төлөөчүлөр ЭЭФти тариздөөдөн жана катоодон бошотулган сатуучулардан товар сатып алганда, товар тууралуу маалыматтарды өз алдынча ЭЭФтин маалыматтык системасына киргизүүгө милдеттүү экенин эскертет.

Бул жалпы салык режими боюнча салык төлөгөн салык төлөөчү айыл чарба продукциясын өндүрүүчүдөн сатып алуу үчүн эсеп-фактура берген учурларга тиешелүү эмес.

ЭЭФ системасына маалыматты кантип киргизүү керек?

Документти түзүү үчүн esf.salyk.kg сайтына кирип, ЭЭФ МСдагы «Сатып алуу» бөлүмүн ачуу керек, андан соң «БЭБД» бөлүмүн тандап, оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан «Кошуу» баскычын басуу зарыл. Ачылган терезеде «Бошотулган субъекттерден сатып алуу» уячасын белгилеп, эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартибинин 6-бөлүмүнө ылайык маалыматтарды толтуруу керек.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда В, С категориясын алууну каалагандар 10, 12 ай окушат

Кыргызстанда В, С категориясын алууну каалагандар 10, 12 ай окушат

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүү, автомектептерде окуунун жаңы тартиби бекитилгенин Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов билдирди. Анын айтымында, быйыл жарандар мамлекеттик автомектептерде окуп башташат. Бул пилоттук долбоор катары Бишкек шаарында башталып, ага арыздар онлайн кабыл алынат. Тайпалар толгондон кийин ким кайсы автомектепте окуй турганы бөлүштүрүлөт. В категориясы үчүн

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

16-17-январь күндөрү өлкө аймагында аба температурасы кескин төмөндөп, мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө караганда, кээ бир аймактарда туман түшүп, автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү жаралышы ыктымаал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. 17-19-январь

Өткөн жылы Бишкекте батирлер боюнча келишимдер 2,7%га гана өскөн

Өткөн жылы Бишкекте батирлер боюнча келишимдер 2,7%га гана өскөн

Адистердин айтымында, Бишкек шаарында батирлерге болгон суроо-талаптын азайганы байкалган. Акыркы 5 жылдын ичинде (2021–2025-жж.) борбор калаада батир сатып алуу-сатуу боюнча келишимдердин саны кыскарып жатканы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтарында айтылат. 2025-жылы Бишкекте батирлер боюнча келишимдердин саны болгону 2,7%га гана өскөн. 2024-жылы 12 186 сатуу-сатып алуу келишими

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы салмак-өлчөм постторунда пара алып жүргөн жумушчулар кармалышты

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы салмак-өлчөм постторунда пара алып жүргөн жумушчулар кармалышты

Ички иштер министрлигине Бишкек-Ош автоунаа жолунда жайгашкан, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер үстүндөгү жана суу транспорту департаментинин карамагындагы салмак-өлчөм көзөмөл постторунда иштеген жооптуу кызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Анын негизинде текшерүү жүрүп, аталган кызмат адамдары жүк ташуучу унаалардын белгиленген салмак