Өткөн жылы Бишкекте батирлер боюнча келишимдер 2,7%га гана өскөн

Өткөн жылы Бишкекте батирлер боюнча келишимдер 2,7%га гана өскөн

Адистердин айтымында, Бишкек шаарында батирлерге болгон суроо-талаптын азайганы байкалган. Акыркы 5 жылдын ичинде (2021–2025-жж.) борбор калаада батир сатып алуу-сатуу боюнча келишимдердин саны кыскарып жатканы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтарында айтылат.

2025-жылы Бишкекте батирлер боюнча келишимдердин саны болгону 2,7%га гана өскөн. 2024-жылы 12 186 сатуу-сатып алуу келишими түзүлсө, былтыр 12 512 келишим түзүлгөн . Ошол эле учурда жеке турак үйлөргө болгон суроо-талап кыйла жогорулады: келишимдердин саны 23,94%га өсүп, 3 483төн 4 317ге жеткен.
Ал эми Ош шаарында тескерисинче, кыймылсыз мүлк рыногунда активдүүлүк кыйла өскөн. 2025-жылы батирлерди сатып алуу-сатуу боюнча келишимдердин саны 48,18%га, ал эми турак үйлөр боюнча келишимдер 37,63%га көбөйдү — 465тен 640ка чейин жеткен.

Адистердин айтымында, кыймылсыз мүлк рыногу жай кыймылдуу рынок (инерттүү) болуп саналат жана ай сайын кескин өзгөрүүлөргө дуушар болбойт. Турак жайды сатып алуу же сатуу чечими көп убакытты талап кылат жана ар кандай факторлорго көз каранды.

Мындан тышкары окуңуз

Балык чарбасында жаңы долбоорлор: өндүрүш жана кайра иштетүү кеңейет

Балык чарбасында жаңы долбоорлор: өндүрүш жана кайра иштетүү кеңейет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков 12-августта "Салих Аква" балык чарба комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Маалыматка караганда, ишкана жылына 5 миң тонна балык тоютун өндүрүү, икра инкубациялоо, чабактарды өстүрүү, асыл тукум жана товардык балык чарбасын жүргүзүү, ошондой эле балыкты кайра иштетүү

Өзгөн шаарынын коммуналдык чарбасы  атайын техникалар менен толукталды

Өзгөн шаарынын коммуналдык чарбасы атайын техникалар менен толукталды

Өзгөн шаарынын коммуналдык кызматтарынын техникалык базасы жаңы атайын техникалар менен толукталды. Бул тууралуу райондук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, калаага "Беларусь-952" трактору, "Hyundai R60W" дөңгөлөктүү экскаватору жана "Chevrolet Tracker" үлгүсүндөгү атайын техника алынып, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов шаардык мэрияга тапшырды. Жаңы техникалар шаар

Таласта документсиз иштеген 73 контейнер аныкталды

Таласта документсиз иштеген 73 контейнер аныкталды

Талас шаарындагы "Нургазы" соода базарында тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 73 контейнер иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы пландан тышкаркы текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө Сарыгулов жана Оторбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан

Унааны жасалма документ менен каттоого аракет кылган 4 шектүү кармалды

Унааны жасалма документ менен каттоого аракет кылган 4 шектүү кармалды

Чүйдө жасалма документтерди колдонуп, чет өлкөдөн келген унааны мыйзамсыз каттоого аракет кылган 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 3-июлда 1995-жылы туулган К.Д. аттуу жаран Сокулук-Москва райондук каттоо бөлүмүнө "Belgee X50" үлгүсүндөгү автоунааны мамлекеттик каттоодон