Э.Байсалов: Биз миллиондогон ачка адамдарга жардам берүүгө милдеттүүбүз

Э.Байсалов: Биз миллиондогон ачка адамдарга жардам берүүгө милдеттүүбүз

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Доха шаарында (Катар мамлекети) өткөн социалдык өнүгүү боюнча Экинчи дүйнөлүк саммиттин алкагындагы жыйынга катышты.

Саммиттин жүрүшүндө сөз сүйлөп жатып Эдил Байсалов:

«Дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адамдар ачкачылыктан, жакырчылыктан жана жокчулуктан жапа чегүүдө. Биз алардын азап-кайгысын жеңилдетүү үчүн колдон келгендин баарын кылууга милдеттүүбүз»-деп билдирди. Ошондой эле Кыргызстан жакырчылыкты жоюу жана бардыгын азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча универсалдуу максаттарды бөлүшүп, ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянска кошулганын белгиледи.

Маалымат үчүн: Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянс 2024-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн G20 саммитинде БУУнун №1 "Жакырчылыкты жоюу" жана №2 "Ачкачылыкты жоюу" туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүү үчүн түзүлгөн. Учурда анын курамына 104 мамлекет кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Депутат Болот Ибрагимов  мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 80 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Депутат Болот Ибрагимов мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 80 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин Укук тартиби боюнча комитети бүгүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун карап чыкты. Документтеги нормалардын бирине ылайык, мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн төмөнкү жаза чараларын киргизүү сунушталууда: — айдоочулук күбөлүктөн 2 жылга ажыратуу (азыркы 1 жылдын ордуна) жана 10 суткага камакка алуу (3 сутканын ордуна)

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Кыргызстандын айыл чарба министрлиги фермерлерге жана дыйкандарга бардык айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн сапат сертификаты жана келип чыгышы тастыкталган үрөн жана көчөт колдонуу милдетин киргизүүнү сунуш кылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бул чара контрафакттык, сапатсыз жана мыйзамсыз үрөндөрдүн жүгүртүүсүнөн келип чыккан түшүмдүн

Brent мунайынын баасы  биринчи жолу 65 доллардан ашты

Brent мунайынын баасы биринчи жолу 65 доллардан ашты

Лондондун ICE биржасынын маалыматына ылайык, 13-январдагы соодалашуу учурунда Brent мунайынын баасы 18-ноябрдан бери алгачкы ирет 65 доллардан жогорулады. Жыл башынан берки баанын өсүшүнө АКШнын Венесуэладагы операциясы жана Ирандагы башаламандыктар себеп болду. Мындан улам рыноктун катышуучулары мунай жеткирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп кооптоно башташты. Күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын

Соцфонд жаңы өзгөртүүлөрдү даярдоодо: пенсиялык топтомдор үчүн эмне өзгөрөт?

Соцфонд жаңы өзгөртүүлөрдү даярдоодо: пенсиялык топтомдор үчүн эмне өзгөрөт?

Пенсиялык топтомдорду төлөп берүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер Кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ Социалдык фонд тарабынан жүргүзүлүүчү төлөмдөрдүн тартибин тактоону сунуштайт. Долбоорго ылайык, пенсиялык топтомдорду алууга укуктуу адамдардын чөйрөсү кеңейтилет: айрым учурларда алуучу катары камсыздандырылган адамдардын жубайлары да чыга алышат. Көп жолку төлөмдөрдү жүргүзүү тартибин өзгөртүү, ошондой