Соцфонд жаңы өзгөртүүлөрдү даярдоодо: пенсиялык топтомдор үчүн эмне өзгөрөт?

Соцфонд жаңы өзгөртүүлөрдү даярдоодо: пенсиялык топтомдор үчүн эмне өзгөрөт?

Пенсиялык топтомдорду төлөп берүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер Кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ Социалдык фонд тарабынан жүргүзүлүүчү төлөмдөрдүн тартибин тактоону сунуштайт.

Долбоорго ылайык, пенсиялык топтомдорду алууга укуктуу адамдардын чөйрөсү кеңейтилет: айрым учурларда алуучу катары камсыздандырылган адамдардын жубайлары да чыга алышат.

Көп жолку төлөмдөрдү жүргүзүү тартибин өзгөртүү, ошондой эле пенсиялык топтомдорду турак жай максаттарына — ипотекага, үлүштүк курулушка жана мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында кийинки сатып алуу шарты менен ижарага алуу үчүн пайдаланууда талап кылынуучу документтердин тизмесин жаңылоо сунушталууда.

Эрежелердин айрым жоболору күчүн жоготту деп табылат, мындан тышкары коммерциялык банктардан, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынан, ошондой эле "ГИК" ААКысынан алынуучу каттарды камтыган жаңы ырастоочу документтердин формалары киргизилет. Ошондой эле жарандардын пенсиялык топтомдорду алуу үчүн кайра кайрылуу тартиби такталат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media