УКМК төрагасы К.Ташиев Жалал-Абад аэропортунун курулушун текшерди

УКМК төрагасы К.Ташиев Жалал-Абад аэропортунун курулушун текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ Сузактагы "Жалал-Абад" эл аралык аэропортуна барып, курулуш иштерин жеринде текшергенин УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

К.Ташиев  учуп-конуу тилкесиндеги процесс менен таанышып, подрядчиктерге курулушту тездетүү жана сапатты катуу көзөмөлдөө боюнча талаптарды койгон.

Андан соң ал терминал имаратынын курулушу менен таанышты. Жалпы аянты 10 миң чарчы метр болгон эки кабаттуу терминал саатына 350 жүргүнчүнү тейлейт. Долбоор этап-этап менен ишке ашырылып, учурда экинчи баскычы жүрүп жатат.

3800 метрлик учуп-конуу тилкеси, учактарды башкарып туруучу эки жолу жана алты учак токтоочу аянтчасы бар жаңы аэропорт 4E категориясына ылайык курулуп жатат. Бул категория  Boeing 737, Airbus A320/321 сыяктуу орто жана ири класстагы учактарды кабыл алууга жол ачат.

 Ушул жылдын 13-майында президент Садыр Жапаров аэропорттун курулушуна капсула салган. Өлкө башчынын тапшырмасына ылайык, аэропорттун курулушу толук бойдон УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө турат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы