Нью-Йорктун жаңы мэри З.Мамдани Куранга кол коюп ант берди

Нью-Йорктун жаңы мэри З.Мамдани Куранга кол коюп ант берди

Жаңы жыл түнүндө Нью-Йорк шаарына мэр болуп шайланган Зохран Мамдани расмий түрдө кызматка киришкенин "Азаттык" жазды. Ант берүү аземи 2026-жылдын алгачкы мүнөттөрүндө Манхэттендеги эксплуатациядан чыгарылган эң эски City Hall метростанциясында өттү.

Мамдани үчүн чоң атасына таандык Куранга жана Афроамерикалык маданиятты изилдөө борборунун коллекциясындагы XVIII кылымдын аягына же XIX кылымдын башына таандык Куранга кол коюп ант берген.

Азем учурунда Мамдани катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Транспорт департаментинин жаңы комиссары болуп Майк Флинн дайындалганын жарыялады.

Социалист Зохран Мамдани 34 жашта. Угандада туулган. Жети жашка чыкканда үй-бүлөсү менен Нью-Йорк шаарына көчүп барган. Апасы Мира Наир белгилүү кинорежиссер, атасы Колумбия университетинин профессору. Ата-энеси экөө тең Гарвард университетин аяктаган.

Американын жарандыгын мэр 2018-жылы алган, былтыр башында теги сириялык Рама Дуважиге үйлөнгөн. Мамдани 2025-жылдын ноябрь айында өткөн шайлоону жеңген.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 182 чакырымдан ашык жол жарыктандырылды

Нарында 182 чакырымдан ашык жол жарыктандырылды

Нарын районуна караштуу Эмгек-Талаа жана Хутор-Ак-Талаа айылдарында түнкү жарыктандыруу иштеринин жүрүшү менен ыйгарым укуктуу өкүл таанышты. Бул иштер райондук фонддун эсебинен каржыланып ишке ашууда. Нарын облустук админстрациясынын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында жалпы узундугу төрт жарым чакырым ички жолго жарыктандыруу орнотулуп, учурда иштер 90% аткарылды. Белгилей кетсек, Нарын

Өзгөндөгү оорукананын курулушуна 1 млрд 350 млн сом бөлүндү

Өзгөндөгү оорукананын курулушуна 1 млрд 350 млн сом бөлүндү

Өзгөн шаарында 400 орундуу оорукананын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттары Улукбек Ормонов жана Сүйүнбек Өмүрзаков Өзгөн районуна болгон иш сапарынын алкагында оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышышты. Борбордук аймактык оорукананын имаратынын курулушуна 1 млрд 350 млн сом, медициналык жабдууларды

Араван жана Ноокатта мектептин имараттары бала бакча катары пайдаланылууда

Араван жана Ноокатта мектептин имараттары бала бакча катары пайдаланылууда

Араван жана Ноокатта бала бакча, мектеп жана маданият үйүнө байланыштуу маселелер көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, депутат Жаныбек Аматов калк менен жолугушуу үчүн аймакка барган. Тургундардын айтымында, Араван районунун Авиз айылында бала бакчада орун жетишсиз болуп, мектептин үч классы бала бакча катары пайдаланылып жатат.

Кыргызстанда туризмдин экономикадагы үлүшү 3,8%га жетти

Кыргызстанда туризмдин экономикадагы үлүшү 3,8%га жетти

Кыргызстанда туризм тармагынын экономикадагы ролу өсүп жатат. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча туризм чөйрөсүндө түзүлгөн кошумча дүң нарк 74 млрд сомдон ашып, өлкөнүн ички дүң продукциясынын 3,8%ын түздү. Бул көрсөткүч 2021-жылы 3,2% болгон. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2025-жылы туризм тармагына 87 млн доллардан ашык түз