Республикада быйыл 56 млрд 934 млн сомго пайдалуу кендер казылды

Республикада быйыл 56 млрд 934 млн сомго пайдалуу кендер казылды

2025-жылдын январь-октябрь айларында республика боюнча жалпы 56 млрд 934 млн 609,6 миң сомго пайдалуу кендер казылганы статистикалык маалыматтарда жарыяланды. 2024-жылдын ушул мезгилинде казылып алынган кендин көлөмү 49 млрд 103 млн 125,1 миң  сом болгон. 

Октябрь айында эле кен казуу тармагы 7 млрд сомго продукция өндүргөн. Тармактагы өсүүлөр негизинен металл рудаларын казып алуунун эсебинен камсыз болгон. 10 айда металл рудаларын өндүрүү 40,1 млрд сомго жеткен. 

Күрөң жана таш көмүр январь-октябрь айларында 8,1 млрд сомго чейин өндүрүлүп, 108,1%ды түзгөн. Ошол эле кезде чийки мунай менен жаратылыш газын өндүрүүдө төмөндөө болуп, 8, 2 млрд сомдон 6,7 млрд сомго чейин азайган. 

Мындан тышкары окуңуз

Нью-Йорктун жаңы мэри З.Мамдани Куранга кол коюп ант берди

Нью-Йорктун жаңы мэри З.Мамдани Куранга кол коюп ант берди

Жаңы жыл түнүндө Нью-Йорк шаарына мэр болуп шайланган Зохран Мамдани расмий түрдө кызматка киришкенин "Азаттык" жазды. Ант берүү аземи 2026-жылдын алгачкы мүнөттөрүндө Манхэттендеги эксплуатациядан чыгарылган эң эски City Hall метростанциясында өттү. Мамдани үчүн чоң атасына таандык Куранга жана Афроамерикалык маданиятты изилдөө борборунун коллекциясындагы XVIII кылымдын аягына же XIX

Financial Times 2026-жылдагы маанилүү окуялар боюнча божомолун жарыялады

Financial Times 2026-жылдагы маанилүү окуялар боюнча божомолун жарыялады

Financial Times саясий, экономикалык жана технологиялык багыттарды камтыган 2026-жылга карата жылдык божомолун жарыялады. Саясат жана геосаясат боюнча Financial Times аналитиктеринин божомолдору: * FTнин баамында, Дональд Трамп жыл аягына чейин рыноктордун басымы, инфляция жана соода өнөктөштөрүнүн каршылыгынын айынан эң катуу тарифтик коркутууларынан баш тартат. * Украина Донбасстан баш тартуусу аскердик толук кыйроо болгон

Дүйнөдөгү эң бай 500 адамдын байлыгы 2,2 трлн долларга жетти

Дүйнөдөгү эң бай 500 адамдын байлыгы 2,2 трлн долларга жетти

2025-жылы дүйнөдөгү эң бай 500 адамдын байлыгы рекорддук деңгээлде — 2,2 триллион долларга өстү. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги маалымдады. Маалыматка ылайык, Bloomberg байлык индексинде катталган жалпы өсүштүн болжол менен төрттөн бири болгону сегиз адамга туура келген. Алардын арасында Oracle компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ларри Эллисон, Tesla компаниясынын башкы директору Илон

Кыргызстан Казакстандагы чет элдик катышуусу бар компаниялардын саны боюнча алдыңкы бештикке  кирди

Кыргызстан Казакстандагы чет элдик катышуусу бар компаниялардын саны боюнча алдыңкы бештикке кирди

Казакстандын Стратегиялык пландаштыруу жана реформалар агенттигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-январына карата өлкөдө 59 миң 537 чет элдик катышуусу бар компания катталган. Бул көрсөткүч 2023-жылдын аягына салыштырмалуу 6,8%га өскөн. Бул тууралуу казакстандык ЖМКлар жазышкан. Динамикасы (1-ноябрга карата): * 2023-жыл — 55 757 компания * 2024-жыл — 59 351 компания * 2025-жыл — 59 537 компания