Венгрия Кыргызстанга 300 мегаваттык күн электр станциясын курат

Венгрия Кыргызстанга 300 мегаваттык күн электр станциясын курат

Венгриялык компания Кыргызстанда күн электр станциясын курары Будапештте өтүп жаткан кыргыз-венгер бизнес-форумунда белгилүү болгонун “Кабар” маалымат агенттиги жазды.  

Форумдун жүрүшүндө КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Венгриянын Electron Holding компаниясынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандум түзүлдү. 

Документте Кыргызстандын аймагында кубаттуулугу 300 МВтка чейинки күн электр станцияларын куруу каралган. Инвестициянын жалпы суммасы 300 млн доллардан ашат. 

Аталган форум президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан уюштурулган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты

Депутаттар илимий-изилдөө институттарынын иши менен таанышты