"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты

"Кыргызнефтегаз" ААКы Майлуу-Суу-4 аймагынан суткасына 40 миң куб метрден ашык газ бере турган жаңы булакты тапты. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Ишкананын башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четимбаевдин айтымында, акыркы 10–15 жылда мындай көлөмдөгү газ чыккан учур каттала элек. Анын белгилешинче, Кочкор-Ата шаарынын суткалык газ керектөөсү болжол менен 40 миң куб метрди түзөт. Жаңы табылган булактан да ушундай көлөмдө газ алынууда.

"Буга чейин да жай мезгилинде ушундай көлөмдө газ табылган. Демек, Кочкор-Ата шаарынын жана шаардын айланасындагы айылдардын тургундарын газ менен камсыздай алабыз", - деди ал.

Жаңы газ булагы аймактын жаратылыш газы менен камсыз болушуна салым кошору күтүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

Депутаттар илимий-изилдөө институттарынын иши менен таанышты

Эмгек министри "Келечек" реабилитациялык борборунун иши менен таанышты

Кыргызстанда 15 МВттык калкып туруучу күн электр станциясы курулат