Баткен облусунда сел учурунда жашоочуларга кооптуу болгон 99 объект сүрдүрүлдү
Баткенде сел каптоо коркунучу бар аймактардагы 100дөй объект сүрдүрүлгөнүн президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Бүгүн өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев сел сууларынын нугуна жана жээгине мыйзамсыз курулган курулуштарды жөнгө салуу жана иретке келтирүү боюнча жыйын өттү.
Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги аткарылган иштер боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүнкү күндө Баткен облусунда сел коркунучу бар аймактарда курулган 166 объект аныкталган. Бул объектилер сел ташкындары учурунда жашоочулардын өмүрүнө кооптуу болгон үчүн 99 объект сүрдүрүлгөн. Калган объекттерди да жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатат.
Ошондой эле сел кетүүчү сайларга жакын жашаган тургундарга, мыйзамсыз курулуштарды курбоо жана бак дарактарды отургузбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.