Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

23-январда Ашхабад шаарында өткөн СПЕКА жумалыгынын алкагында Программанын Башкаруу кеңешинин 20-сессиясы жана СПЕКА Фондунун Башкаруу комитетинин экинчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды. Төрагалык Кыргызстан үчүн эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө жана Программанын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошууга багытталган мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө СПЕКА Фондун иш жүзүндө ишке киргизүү үчүн зарыл болгон негизги документтер кабыл алынды. Фонддун ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири Кыргыз Республикасынын аймагында ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат.
Маалымат үчүн, СПЕКА программасынын Жетекчи кеңеши жыл сайын жыйын өткөрүп, Программанын жалпы ишмердүүлүгүн координациялайт. Кеңеш стратегиялык артыкчылыктарды аныктоо, иш пландарын бекитүү, отчетторду кароо жана тематикалык жумушчу топтордун иши боюнча чечимдерди кабыл алуу менен алектенет.

Мындан тышкары окуңуз

Бүгүн Бишкектин басымдуу бөлүгү 1 саатка жарыксыз калды

Бүгүн Бишкектин басымдуу бөлүгү 1 саатка жарыксыз калды

Бүгүн Бишкек шаарында 110 кВ чыңалуудагы электр берүүчү линияларда авариялык өчүрүү катталып, анын кесепетинен борбор калаанын керектөөчүлөрүнүн басымдуу бөлүгү электр жарыксыз калды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, авариядан улам шаардын керектөөчүлөрүнүн болжол менен 70 пайызы электр энергиясы менен камсыздоодон 1 сааттан ашык убакытка ажыраган. Энергетика министрлигинин маалыматка ылайык, «Парковая» – «Ала-Арча» жогорку

Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашты

Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашты

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Эдуардс Стипрайс менен жолугушуу өткөрдү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, экономика, инвестиция, транспорт жана энергетика тармактарындагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бишкектеги “Ala-Too Trade & Industry Expo” көргөзмөсүнө 90дон ашык компания чогулду

Бишкектеги “Ala-Too Trade & Industry Expo” көргөзмөсүнө 90дон ашык компания чогулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери “Ala-Too Trade & Industry Expo” эл аралык соода жана өнөр жай көргөзмөсүнө катышты. Иш-чарага Кыргызстандан, Россиядан, Өзбекстандан, Беларусьтан, Кытайдан жана Тажикстандан 90дон ашык компания катышып, өздөрүнүн өндүрүштүк

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Чолпон-Ата шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV кеңешмесинин алкагында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кытай Эл Республикасынын өнөр жай жана маалыматташтыруу министринин орун басары Синь Гобинь менен жолугушту. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык жана өнөр жай кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү,