Быйыл депутаттыкка талапкерлердин саны 3 эсеге кыскарган

Быйыл депутаттыкка талапкерлердин саны 3 эсеге кыскарган

Kaktus.media сайты бардык шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлердин тизмесин иликтеп, 4 жыл мурунку мезгилдеги шайлоого салыштырып азыркы учурдагы талапкерлердин портретин тартып чыкты. Аталган агенттиктин божомолу боюнча мурдагы депутаттар кайра орундарына кайтууга аракет кылып жатышкандыктан депутаттык корпус кардиналдуу түрдө өзгөрбөй да калышы ыктымал. 

2020-жылы депутаттар партиялык тизме менен шайланышкан жана эл конкреттүү талапкерге эмес партияга добуш беришкен. Ошол себептен саясий партиялар Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын тизмесин партиялардын добушуна жараша түзүшкөн. 

2021-жылы шайлоо партиялык тизме жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча өтүп, депутаттар саны 90го кыскарган. Мында кыргызстандыктар бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоого аттанган конкреттүү депутаттарды, ошондой эле талапкерин чыгарган кайсы бир партияны тандашкан. 

2025-жылы шайлоо оюну өзгөрүп шайлоо бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча гана жүргүзүлө турган болду.  Жарандар Жогорку Кеңештен көргүсү келген конкреттүү бир талапкерлерине добуш беришет.   

Бул Kaktus.mediaнын билдиришинче, парламентке баруучуларга олуттуу таасир берген. 2020-жылы октябрда парламентке барууну каалагандар саны 2014 адам болуп, бир депутаттык орунга 17ден адам туура келген. 2021-жылы ноябрда талапкерлер дээрлик эки эсеге кыскарып  - 1343ды түзүп, бир депутаттык орунга 15тен адам ат салышкан. 

4 жыл ичинде Жогорку Кеңешке барууну каалгандар 3 эсеге кыскарып, 2025-жылдын ноябрь айындагы парламенттик шайлоого 465 талапкер ат салышып, бир орунга 5 адам туура келген.   

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун кароону, тапшырууну санариптик түргө өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун кароону, тапшырууну санариптик түргө өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун тапшыруу жана кароо процессин электрондук форматка өткөрүүнү караган мыйзам долбоору киргизилди. Документ парламенттин регламенти жана ченемдик укуктук актылар тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Өзгөртүүлөрдүн маңызы — документтерди бир эле учурда кагаз жана электрондук түрдө милдеттүү түрдө тапшыруу талабынан баш тартуу. Анын ордуна мыйзам долбоорлорун жана коштоочу материалдарды

Аскер комиссариаттын кызматкери акча алып жатканда кармалды

Аскер комиссариаттын кызматкери акча алып жатканда кармалды

Ноокат райондук аскер комиссариатынын кызматкери опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, атайын кызматтын Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында 28-апрелде 2-бөлүмдүн башчысы С.у.М. опузалап талап кылынган акчаны алып жаткан учурда кармалган. Бул факт боюнча

Медициналык кароосуз мигранттарга иштөөгө уруксат жок

Медициналык кароосуз мигранттарга иштөөгө уруксат жок

Кыргызстанда эмгек мигранттары үчүн милдеттүү медициналык көзөмөл киргизүүнү караган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ тышкы эмгек миграциясы жана жарандардын саламаттыгын коргоо тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Долбоорго ылайык, өлкөгө иштөө үчүн келген чет өлкөлүк жарандар төмөнкүлөрдөн өтүшү керек: * эмгек ишмердигин баштоодон мурун милдеттүү медициналык кароодон өтүү; * уруксат берүүчү документтерди

ЕАЭБ өлкөлөрү учактарды импорттоого карата бажы алымын нөлгө түшүрүштү

ЕАЭБ өлкөлөрү учактарды импорттоого карата бажы алымын нөлгө түшүрүштү

Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр Казакстандын сунушу менен учактарды импорттоого карата бажы алымын 12 жылга нөлгө түшүрүшкөнүн Казакстандын Соода министрлиги билдирди. ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет. Бул өлкөлөр бирдиктүү бажы аймагын түзгөндүктөн, үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон көпчүлүк товарларга бирдиктүү бажы алымдары колдонулат. Буга чейин учактарды импорттоодо бажы алымы