2025-жылы инфляциянын ылдамдашына эмне себеп болду?
Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2024–2025-жылдары инфляциянын тездешине кошумча ички жана тышкы факторлор таасир эткен.
Биринчиден, калктын кирешелеринин өсүшү олуттуу роль ойногон.
2024-жылдын жыйынтыгында номиналдык эмгек акы 14,1%га, реалдуу эмгек акы 8,6%га өскөн. 2025-жылдын январь–ноябрь айларында өсүү уланган, тагыраагы, номиналдык эмгек акы 19,2%га, реалдуу эмгек акы 10,4%га көбөйдү.
Кошумча суроо-талапты чет өлкөдөн келген акча которуулар да түздү.
2025-жылдын январь–ноябрь айларында жеке адамдардын трансчегаралык акча которууларынын таза агымы 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 22,9%га өскөн. Бул процесстер керектөөнү кеңейтип, ички бааларга басымды күчөтүп, суроо-талап инфляциясын күчөттү.
Ички рыноктун азык-түлүк товарларына, анын ичинде ун, өсүмдүк майы жана жармаларга импортко көз карандылыгы сакталып калууда. Бул жагдай бааларды тышкы рыноктогу шарттарга жараша тез өзгөргүдөй кылат.
Өзүнчө фактор катары логистиканын жана импорттун кымбатташы белгиленди.
Казакстанда темир жол ташууларына тарифтердин алгач 16%га, андан кийин дагы 35%га жогорулашы транспорттук чыгымдарды көбөйтүп, өндүрүш чыгымдары аркылуу инфляцияны күчөттү.
Баалардын динамикасына кредиттик активдүүлүк да таасир берди.
2025-жылдын январь–ноябрь айларында насыялоонун көлөмү 52%га өсүп, керектөө насыялары дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Бул ички суроо-талапты колдоп, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын өсүшүнө шарт түздү.
Соодалык өнөктөш өлкөлөрдөгү инфляциянын сакталып турушу тышкы басымды улантып жатат.
Анткени республика керектөө товарларынын олуттуу бөлүгүн ошол өлкөлөрдөн импорттойт. 2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Казакстанда баалар 11,4%га, Россияда 5,3%га, Беларусияда 6,5%га, Арменияда 2,0%га өскөн. Мындай динамика тышкы инфляциялык таасирлерди күчөтүп, ички рынокто баалардын төмөндөө мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат.