Электр кубаттоочу станцияларга жер 1 жылдан 3 жылга чейин берилет

Электр кубаттоочу станцияларга жер 1 жылдан 3 жылга чейин берилет

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык жерлер рыногу бөлүмүнүн башкы адиси Талантбек Исмаилов радио эфиринде электр кубаттоочу станцияларды орнотуу үчүн жер тилкелерин берүү тартиби жана учурдагы абал тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, жер тилкелерин пайдалануу боюнча келишимдер көбүнчө бир жылдык мөөнөткө түзүлөт жана кийин үч жылга чейин узартылышы мүмкүн.

Адистин түшүндүрүүсүндө, комиссия жер тилкесин адатта бир жылга берет, анткени жабдуулар кандай орнотулары алдын ала белгисиз болот. Эгер бардык талаптар аткарылса, келишимдин мөөнөтү үч жылга чейин узартылат.

Мындан тышкары, Исмаилов станциялардын абалы үчүн ишкерлер өздөрү жооптуу экенин белгиледи. Анын айтымында, жер тилкелерин пайдалануу боюнча тышкы көзөмөлдү жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы жүргүзөт. Эреже бузуу аныкталган учурда эскертүү берилип, укук бузуулар тууралуу протокол түзүлөт.

Ошондой эле станция ээлери аймакты көрктөндүрүүгө, так белгилерди орнотууга милдеттүү. Бул токтоого боло турган жерлерди жана кайсы аймак аларга тиешелүү экенин так көрсөтүү үчүн зарыл.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Жеңиш чокусунда калган Наталия: Аварияга учураган тик учактын чыгымы төлөндү

Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт