МинКаб баалуу кагаздар рыногундагы профессионал катышуучулар үчүн жаңы жобону бекитти
МинКаб баалуу кагаздар рыногундагы профессионал катышуучулар үчүн өз каражаттарынын жеткиликтүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү тууралуу жаңы жобону бекитти.
Документ 2025-жылдын 8-декабрындагы №787 токтом менен кабыл алынган жана рынок катышуучуларынын финансылык туруктуулугун жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Ошондой эле профессионал катышуучулардын уставдык капиталына этап-этабы менен минималдык талаптар белгиленди:
Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу:
- 2027-жылдын 1-январына чейин — кеминде 10 млн сом;
- 2028-жылдын 1-январына чейин — кеминде 15 млн сом.
Дилердик ишмердүүлүк:
- 2027-жылдын 1-январына чейин — кеминде 3 млн сом;
- 2028-жылдын 1-январына чейин — кеминде 5 млн сом.
Баалуу кагаз ээлеринин реестрин жүргүзүү:
- 2027-жылдын 1-январына чейин — кеминде 4 млн сом;
- 2028-жылдын 1-январына чейин — кеминде 6 млн сом.
Инвестициялык фонддордун ишмердүүлүгү:
- 2027-жылдын 1-январына чейин — кеминде 2 млн сом;
- 2028-жылдын 1-январына чейин — кеминде 3 млн сом.
Бул токтом менен ошондой мурдагы — Өз каражаттарынын жеткиликтүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө (2011–2014-жылдардагы редакциялары) жобо жана ага байланыштуу бир катар өзгөртүүлөр күчүн жоготкон деп таанылды. Ага 2023-жылдын 13-январындагы №9 Кабмин токтомунун пункту да кирет.