Убагында төлөнбөсө Бишкекте 5500 абонент жарыксыз калат

Убагында төлөнбөсө Бишкекте 5500 абонент жарыксыз калат

29-декабрда борбор калаада дебитордук карызы бар 5 500дөн ашуун абоненттин электр энергиясы АИСКУЭ системасы аркылуу алыстан өчүрүлөрүн Бишкек электр тармактар ишканасы эскертти.

Андыктан шаар тургундары электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырылат.

Абоненттер өздөрүнүн жеке эсебинин абалын ишкананын расмий сайтындагы "Абонент балансы" бөлүмү аркылуу текшере алышат. Ошондой эле тиричилик абоненттери Play Market жана App Store дүкөндөрүнөн жүктөп алууга мүмкүн болгон "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу да балансын биле алышат.

Кошумча маалыматты сутка бою иштеген кол-борбордон төмөнкү номерлер аркылуу алууга болот: 1209, 105, ошондой эле уюлдук номерлер 0772 001 209, 0556 001 209. Мындан тышкары, WhatsApp аркылуу 0702 001 209 номерине билдирүү калтырууга болот.

Бардык төлөм терминалдары электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү реалдуу убакыт режиминде кабыл алат.

Мындан тышкары окуңуз

Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

КРнын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылынып, Орозбеков Адилет Орозбекович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, Адилет Орозбеков 1978-жылы туулган. Кыргызстан эл аралык университетин "Дипломатия жана эл аралык укук" адистиги боюнча

Тынчтык жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алды

Тынчтык жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алды

КРнын айрым мыйзам актыларына, укук бузуулар жөнүндөгү кодексине, укук бузууларды алдын алуу негиздери жана тынчтык жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамынын долбоору бүгүн ЖКтин отурумунда, биринчи окууда жактырылды. Бул боюнча КРнын ИИМнин орун басары Октябрь Урмамбетов баяндама жасап, 2025-жыл ичинде 102 байланыш телефон аркылуу ИИМге 164 432 ар кандай чалуу

Жогорку Кеңешке Марлен Маматалиев төрага болуп шайланды

Жогорку Кеңешке Марлен Маматалиев төрага болуп шайланды

Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасынын кызмат ордуна Марлен Маматалиевдин талапкерлиги каралды. Анда депутаттар жашыруун добуш беришти. Эл өкүлдөрүнүн түзүлгөн эсептөө комиссиясы добуштарды санап чыкты. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп депутат Марлен Маматалиев шайланды. 77 эл өкүлү - “макул” жана 5 депутат “каршы” деп добуш берди. Марлен Маматалиев 1981-жылы 24-мартта

Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгы 2027-жылдын аягына чейин алынбай турганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлер кабинети ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгын (КНС) нөл пайыз өлчөмүндө калтырды. Тиешелүү өзгөртүүлөр "Азык-түлүк коопсуздугун камсыз