Жасалма интеллект жасаган "санарип фабрикалар" 117 млн доллар киреше алып келген

Жасалма интеллект жасаган "санарип фабрикалар" 117 млн доллар киреше алып келген

Kapwing сервиси жүргүзгөн изилдөө YouTube платформасы жасалма интеллекттин сапатсыз контентинин массалык агымына туш болгонун аныктаганын  The Guardian басылмасы жазды.

Адистер 150 өлкөдөгү эң популярдуу 100 каналды талдап чыгып, толугу менен ИИ аркылуу жасалган видеолордон турган 278 аккаунтту аныкташкан. Бул "санарип фабрикалар" жалпысынан 221 миллион катталуучуга жана 63 миллиард көрүүгө ээ болуп, ээлерине жылына болжол менен 117 миллион доллар киреше алып келип жатат.

Бул абал сунуштоо (рекомендация) системасына да таасирин тийгизди. Жаңы аккаунттар текшерилгенде, сунушталган алгачкы 500 видеонун 104ү ИИ-таштанды контент болуп чыкты. Башкача айтканда, колдонуучунун баштапкы тасмасынын 20%дан ашыгы көрүүлөрдү жасалма көбөйтүү жана акча табуу үчүн гана түзүлгөн контенттен турат.

ИИ-контенттин популярдуу багыттары:

  • Абсурд видеолор. Индиялык Bandar Apna Dost каналы маймыл менен жиндердин сюрреалисттик кармаштарын чагылдырган видеолор аркылуу 2,4 миллиард көрүү топтогон.
  • Балдар үчүн контент. Сингапурдук Pouty Frenchie долбоору жаркыраган декорациядагы ит катышкан жөнөкөй видеолордон болжол менен 4 миллион доллар киреше тапкан.
  • Кырсыктарды пайдалануу. The AI World каналы Пакистандагы суу ташкынынын кадрларын колдонуп, үстүнө тынчтандыруучу музыка кошкон.

Мындай каналдардын авторлору көбүнчө орточо кирешелүү өлкөлөрдө (Индия, Нигерия, Вьетнам) жашашат. Анткени YouTube’дан алынган төлөмдөр жергиликтүү эмгек акылардан кыйла жогору.

Видеохостингдин өкүлдөрү жасалма интеллект болгону инструмент экенин айтып, платформа сапаттуу контентти илгерилетүүнү улантарын билдиришти. Бирок адистер колдонуучунун көңүлүн кармоого багытталган алгоритмдер маанисиз, "дофаминдик" видеолордун жайылышы үчүн идеалдуу шарт түзүп жатканынан кооптонушууда.

Мындан тышкары окуңуз

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды. Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө. * Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%. * Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү. * Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га

Бишкекте батирлердин баасы төмөндөдү

Бишкекте батирлердин баасы төмөндөдү

2026-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Бишкектеги батирлердин бир чарчы метринин орточо баасы 95 458 сомду түзгөнүн Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттиги билдирди. Февраль айында борбор калаада бир чарчы метр баасы 12 285 сомго төмөндөп, пайыздык эсеп менен -11,4% болду. Жылдык салыштырмалуу көрсөткүч боюнча, бир чарчы метрдин

"Бишкекасфальтсервис" аймагындагы базар курулушуна шаар катышпайт

"Бишкекасфальтсервис" аймагындагы базар курулушуна шаар катышпайт

Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында депутаттар "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын аймагына базар куруу долбоорун талкуулашты. Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн форматы боюнча шаар мэриясынын акциясы каралбаганын билдирди. "Шаарга акциялар берилген жок. Биз жерди беребиз