Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө.

  • Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%.
  • Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү.
  • Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га өстү.
  • Амбулатордук медициналык кызматтар жана транспорт кызматтары — ар бири 9,2%га кымбаттады.
  • Ал эми жеке транспорт каражаттарын тейлөө жана ремонттоо кызматынын баалары  — 0,6%га гана өстү.

Бул маалыматтар кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтериндеги акыркы өзгөрүүлөрдү так көргөзүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылды

Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду