"Жыргалаң" шахтасынын беш лоту аукционго коюлду

"Жыргалаң" шахтасынын беш лоту аукционго коюлду

"Жыргалаң" шахтасы ААК мүлктөрдү сатуу боюнча ачык аукцион жарыялады. Соодага Ак-Суу районунда жайгашкан жер тилкелери жана курулушу бар участокту камтыган беш лот коюлганын компаниянын атайын администратору билдирди.

Аукционго коюлган лоттор:

  • №1-лот — аянты 1 миң чарчы метр болгон жер тилкеси, баштапкы баасы 5,3 миллион сом;
  • №2-лот — аянты 1 миң чарчы метр, курулушу бар жер тилкеси, баштапкы баасы 6,74 миллион сом;
  • №3-лот — аянты 1 миң чарчы метр болгон жер тилкеси, баштапкы баасы 5,15 миллион сом;
  • №4-лот — аянты 1 миң чарчы метр болгон жер тилкеси, баштапкы баасы 5,15 миллион сом;
  • №5-лот — аянты 3 миң чарчы метр болгон жер тилкеси, баштапкы баасы 7,1 миллион сом.

Аукционго 50 миң сом өлчөмүндө кепилдик төлөмүн төлөгөн жеке жана юридикалык жактар катыша алышат. Арыздар 2026-жылдын 21-январына чейин кабыл алынат.

Мындан тышкары окуңуз

ЕАЭБде каботаждык жүк ташуулар программасы 2026-жылы иштей баштайт

ЕАЭБде каботаждык жүк ташуулар программасы 2026-жылы иштей баштайт

ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн каботаждык (жээк бойлой) жүк ташуулар программасы 2026-жылы толук кандуу иштей баштарын Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев2025-жыл жыйынтыкталып жатып билдирди. Буга улай ал транспорт тармагындагы жетишкендиктерге токтолду. Анын айтымында, транспорт тармагында санариптештирүү иштери уланып жатат. Жүктөрдү коопсуз бекитүү үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу

Ноокатта 74 млн сомго жаңы мектеп курулду

Ноокатта 74 млн сомго жаңы мектеп курулду

Ош облусунун Ноокат районундагы Герейт Шорон жалпы билим берүүчү мектебинин курулушу толук аяктап, окуучулар жаңы имаратта билим ала баштады. 1956-жылы курулган эски мектеп имараты быйыл заманбап талаптарга жооп берген жаңы имаратка алмаштырылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажырады

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажырады

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүн аткаруу үчүн, “КРнын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине, Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды: 1) “Кыргыз Республикасынын Баатыры”

Быйыл Ош шаарында 81 чакырым унаа жолу курулду

Быйыл Ош шаарында 81 чакырым унаа жолу курулду

Үстүбүздөгү жылы Ош шаарында 81 чакырым унаа жолу жана 25 чакырым тротуар курулду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жыл ичинде курулуш тармагында аткарылган бир катар иштер тууралуу айтып жатып билдирди. Аны менен катар, шаар тургундарынын эс алуусу үчүн 10го жакын сейил бак курулуп, пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, республикалык