Жайкы Олимпиада оюндары билеттеринин миллиону 28 доллардан сатылат
2028-жылы Лос-Анжелес шаарында өтүүчү Жайкы Олимпиада оюндарына билеттердин баасы 28 доллардан башталарын "Коммерсант" гезити жарыялады.
Маалыматка караганда, Лос-Анжелес-2028 уюштуруу комитети жеңүүчүлөргө оюндарга билеттерди сатып алуу үчүн лотерея өткөрөт. Билеттердин миллионго жакыны 28 доллардан жана алардын жалпы санынын болжол менен 3/1 бөлүгү 100 доллардан төмөн баада сатылат.
Күйөрмандар ачылыш жана жабылыш аземдерин кошо алганда, бардык олимпиадалык иш-чараларга билеттерди утуп алуу үчүн лотереяга катыша алышат. Алар март айынын ортосуна чейин атайын веб-сайтта катталып, аты-жөнүн, электрондук почта дарегин жана почта индексин көрсөтүшү керек. Сатуулардын биринчи этабы 9-апрелде башталып, 19-апрелде аяктайт.
Лос-Анжелес жана Оклахома-Сити шаарларынын тургундары үчүн алдын ала билеттерди сатып алуу үчүн атайын терезе ачылат.