Күйүүчү-майлоочу материалдардын орточо баасы төмөндөдү
Улуттук статистика комитетинин бааларды мониторингдөө маалыматына ылайык, күйүүчү-майлоочу материалдардын орточо баасы төмөндөдү.
2026-жылдын 15–21-январына карата маалыматтар боюнча:
- АИ-95 бензининин орточо баасы 15-январда 80,83 сом болсо, 21-январга 79,49 сомго чейин төмөндөгөн. Баанын айырмасы 1,34 сомду түздү.
- АИ-92 бензининин орточо баасы 15-январда 75,54 сом болсо, 21-январда 74,38 сомго түшүп, 1,16 сомго арзандаган.
- Дизелдик отундун орточо баасы 80,26 сомдон 78,86 сомго чейин төмөндөгөн, башкача айтканда 1,4 сомго арзандаган.