“Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылды

“Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылды

Россияда белгилүү жазуучу Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылганын "Известия" басылимасы билдирди. 

Анда белгиленгендей, китептин баштапкы баасы 300 миң рубль деп белгиленген. Лот алты томдон турган китептер топтому болгон. Китептердин мукабасында аз гана эскирүү белгилери бар экени айтылат. 

Атактуу роман алгач 1868-жылы биринчи жолу басылып чыккан. Ошол убакта эле окурмандар аны жылуу кабыл алып, китеп жакшы сатылган. Ошол эле жылдын жай айларында экинчи басылышын чыгаруу чечими кабыл алынган. Ал эми бешинчи жана алтынчы томдору 1869-жылдын март айында жарык көргөн.

Мындан тышкары, 1-мартта Москвада жазгы Important Spring Sale аттуу ири аукцион өтүп, анда жалпы баасы 1 миллиард рублга жеткен искусство чыгармалары сунушталган.

Аукциондогу маанилүү лоттордун бири – сүрөтчү Исаак Левитан тарткан “Айдын чыгышы. Айыл” аттуу пейзаж болду. Бул картина советтик окумуштуу, радио башкаруучу миналарды ойлоп тапкан Владимир Миткевичке таандык болгон. Сүрөт мурда Третьяков галереясында жана Орус музейинде эки жолу көргөзмөгө коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн