"Иркештамда" электрондук кезек күтүү тутуму үчүн жер бөлүндү
МинКаб 2025-жылдын 29-декабрындагы № 1163-р тескемесине ылайык, "Иркештам автожол" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезек тутумун киргизүү жана күтүү аймагын уюштуруу максатында жер тилкесин берүү каралган.
Аталган документке ылайык, Мамлекеттик бажы кызматына өзүнө мөөнөтсүз пайдалануу укугу менен бекитилген 20 гектар жер тилкесин белгиленген тартипте "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ачык акционердик коомуна 49 жылдык мөөнөткө акысыз негизде убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга өткөрүп берүү тапшырылды.
Жер тилкеси төмөнкү даректе жайгашкан: Ош облусу, Алай району, Памир-Алай айыл аймагы, Нура айылы, Эркештам участогунун № 19 контуру.
Жер тилкеси төмөнкү максаттар үчүн берилет:
- электрондук кезек тутумун киргизүү;
- жүк ташуучу автотранспорт каражаттары үчүн күтүү аймагын жабдуу;
- "Иркештам автожол" өткөрүү пунктунда бажы инфраструктурасын өнүктүрүү.
"Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ачык акционердик коомуна жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдалануу сунушталат.
Аталган тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Президенттик администрациянын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлдү.