ЖК Төрагасы БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координаторун кабыл алды

ЖК Төрагасы БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координаторун кабыл алды

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана алдыдагы пландар талкууланды. Төрага Кыргызстан БУУ менен бардык багыттарда жигердүү иш алып барып жатканын белгилеп, парламент да өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экенин айтты.

Ошондой эле туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында экономиканын өсүшү, ички дүң продукциянын жогорулашы жана 2030-жылга чейинки пландар тууралуу сөз болду. Төраганын айтымында, бул багытта мамлекет башчысы тарабынан коюлган тапшырмаларды аткарууда парламент активдүү роль ойнойт.

Өз кезегинде Антье Граве Нурланбек Тургунбек уулун Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, БУУ Кыргыз парламенти менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Ал ошондой эле гендердик теңчилик, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо багытындагы иштерге жогору баа берди.

Жолугушууда гендердик теңчилик маселеси да көтөрүлүп, парламенттеги аял депутаттар үчүн 30%дык квота эл аралык практикада сейрек кездешкен ийгиликтүү кадам экени белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу