Кыргызстандык мушкер Алимардан Абдыкааров 20 миң доллар бонус алды
Кыргызстандык мушкер Алимардан Абдыкааров ACA уруш лигасынан бонус алды.
Ал 6-февралда Москва шаарында (Россия) өткөн ACA 200 турниринде жарым жеңил салмак категориясындагы 4-номердеги мушкер, россиялык Сайфулла Жабраиловго каршы беттешти.
Кыргызстандык спортчу атаандашын 2 мүнөт 2 секундда нокаут менен жеңип чыкты.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча уюштуруучулар Алимардан Абдыкааровго 20 миң доллар өлчөмүндө бонус ыйгарышты.