Россия квалификациялуу жумушчулардын келишине кызыкдар

Россия квалификациялуу жумушчулардын келишине кызыкдар

Россия квалификациялуу жумушчулардын келишине кызыкдар экенин Бишкекте өткөн брифингде Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов билдирди.

Анын айтымында, Россия эмгек мигранттары өлкөгө мыйзамдуу негизде келип, иштеп, тапкан каражаттарын мекенине которуп турушуна кызыкдар.

Элчи учурда эмгек мигранттарын санариптик каттоого алуу системасына өтүү жүрүп жатканын белгиледи.

"Россияда иштөөнү пландаган кыргызстандыктар үчүн негизги талап — мыйзамдарды жана эрежелерди сактоо, ошондой эле өлкөдө болууга жана иштөөгө мыйзамдуу негиздин, башкача айтканда, жумуш орду тууралуу келишимдин болушу. Артыкчылыктардын бири — Кыргызстандын жарандарына Россияда ишке орношуу үчүн патент алуунун кереги жок", — деди дипломат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандан тышкары иштеген салык төлөөчүлөргө бирдиктүү салык мөөнөтү узартылды

Кыргызстандан тышкары иштеген салык төлөөчүлөргө бирдиктүү салык мөөнөтү узартылды

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салыкка өтүү мөөнөтү 2026-жылдын 1-мартына чейин узартылды. Салык кызматы эскертет: 2026-жылдын 1-январынан тартып салык төлөөчүлөр 0,1%дык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга милдеттүү. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, аталган салык системасын колдонуу үчүн салык төлөөчүлөр 2026-жылдын

Жаш адистерге жаңы мүмкүнчүлүк: стажировка жана айына 8 600 сом

Жаш адистерге жаңы мүмкүнчүлүк: стажировка жана айына 8 600 сом

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырып жаткан "Жаштар стажировкасы" программасы иш берүүчүлөргө 16дан 35 жашка чейинки жаш адистерди тартууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Программа эмгек рыногунда суроо-талап жогору болгон кесиптер боюнча кадрларды даярдоого багытталган. Катышуучулар кыска мөөнөттүү окуудан өтүп, андан

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштерин “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары күнү-түнү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Бүгүн, 11-февралга карата саат 08:30га Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу аймагында (03:40 тартып) оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Ал

Чолпон-Атада мыйзамсыз курулуш токтотулуп, 200 миң сом айып салынды

Чолпон-Атада мыйзамсыз курулуш токтотулуп, 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен өлкө аймагындагы курулуш объектилерине карата рейддик иш-чаралар улантылууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Ысык-Көл региондук башкармалыгынын инспекторлору Чолпон-Ата шаарындагы курорттук-рекреациялык аймагында курулуш объектилерин текшерүү иштерин жүргүзүштү. Текшерүүдө курорттук-рекреациялык аймакта курулуп жаткан 2 кабаттуу конок үйлөрдүн мыйзамсыз курулуп жаткандыгы аныкталд