Европа парламенти Украинага 90 млрд евро пайызсыз насыя берүүнү жактырды

Европа парламенти Украинага 90 млрд евро пайызсыз насыя берүүнү жактырды

Европа парламенти Украинага 2026–2027-жылдарга 90 млрд евро өлчөмүндө насыя берүү чечимин жактырды. Бул чечимди 458 евродепутат колдоп, 140 депутат каршы добуш берди, деп билдирет AFP.

Европарламенттеги добуш берүү насыяны бекитүүнүн акыркы этабы болду.

Евробиримдиктин (ЕБ) өлкө лидерлери Украинага пайызсыз насыя берүү тууралуу 2025-жылдын декабрында макулдашкан. Насыя ЕБнин капитал рынокторунан алган карыз каражаттарынын эсебинен каржыланып, башында сунушталгандай Россиянын активдерин колдонбостон, Евробиримдиктин бюджети менен камсыздалат. Насыя Россия Украинага репарация төлөгөн учурда кайтарылышы керек.

Бөлүнгөн каражат эки бөлүккө бөлүнөт: 60 млрд евро аскердик сатып алууларга, ал эми 30 млрд евро өлкөнүн бюджетин колдоого жумшалат. Биринчи төлөм Киевге 2026-жылдын экинчи кварталынын башында түшөрү күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Республикалык тестирлөөгө дээрлик 57 миң абитуриент катталды

Республикалык тестирлөөгө дээрлик 57 миң абитуриент катталды

Кыргызстанда 56 миң 861 абитуриент Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) сынагына ийгиликтүү катталганын Билим берүүнү баалоо жана окутуу методдору борбору билдирди. Арыздар системасынын маалыматына ылайык, жалпы берилген арыздардын саны 65 миң 389ду түздү. Анын ичинен: * кыргыз тилинде — 36 миң 289 катышуучу; * орус тилинде — 29,1 миң катышуучу. Мындан тышкары: * 7 миң

Новопавловка айылында 3 млн сомдук маркаланбаган мотор майы кармалды

Новопавловка айылында 3 млн сомдук маркаланбаган мотор майы кармалды

Бишкек шаарынын Ленин районунун Новопавловка айылындагы рейдде акциздик маркасы жок мотор майларын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүдө маркаланбаган ар кандай идиштердеги 294 даана мотор майы табылды. Продукциянын жалпы көлөмү 10 миң 824 литр болуп, жалпы суммасы болжол менен 3 млн сомду түздү.

"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти

"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти

Бишкек шаарындагы Тазалык муниципалдык ишканасы катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн төлөмдөр боюнча карыздарды аныктоо максатында рейддерди күчөтөт. Ишканадан билдиришкендей, текшерүүлөр жарандарды гана эмес, жеке чарбаларды жана кызмат акысын системалуу түрдө төлөбөгөн ишкерлерди да камтыйт. Айрыкча узак убакыттан бери карызы бар абоненттерге өзгөчө көңүл бурулат. 2026-жылдын 1-мартына карата жалпы карыздын суммасы

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Кыргызстанда 2026-жылы туризм тармагынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизе турган масштабдуу иш-чаралар өтөт. Негизги окуялардын бири учурда кызуу даярдык жүрүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, дүйнөдөгү кырдаалга карабастан, Кыргызстанга чет элдик туристтердин агымы көбөйөт деп болжолдонууда. “Ушуга байланыштуу