Республикалык тестирлөөгө дээрлик 57 миң абитуриент катталды

Республикалык тестирлөөгө дээрлик 57 миң абитуриент катталды

Кыргызстанда 56 миң 861 абитуриент Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) сынагына ийгиликтүү катталганын Билим берүүнү баалоо жана окутуу методдору борбору билдирди.

Арыздар системасынын маалыматына ылайык, жалпы берилген арыздардын саны 65 миң 389ду түздү.

Анын ичинен:

  • кыргыз тилинде — 36 миң 289 катышуучу;
  • орус тилинде — 29,1 миң катышуучу.

Мындан тышкары:

  • 7 миң 689 абитуриент арыздарын толук жөнөтүшкөн эмес;
  • 839 арыз толук эмес болуп, оңдоону талап кылат.

Ошондуктан бардык арыздар толук жөнөтүлүп, толтурулгандан кийин маалыматтар өзгөрүшү мүмкүн.

2012-жылдан бери ЖРТ өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларга (менчигинин түрүнө карабастан) тапшыруу үчүн милдеттүү болуп эсептелет. Айрым маданият жана искусство адистиктери, ошондой эле дене тарбия жана спорттун айрым багыттары гана өзгөчө учур болуп саналат.

2026-жылдан тартып орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу да ЖРТнын жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.

Маалымат үчүн, 2025-жылы ЖРТга болжол менен 57,5 миң абитуриент катышкан.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media