Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет
Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды.
Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип тандоо, ЖОЖго тапшыруудагы маанилүү жагдайлар туурасында кеңири маалымат беришти.
Жаш ишкерлер ЖРТдан эң жогорку упай алган окуучуга, мугалимине атайын белектер, “Алтын сертификат” алган мыкты окуучуларга 150 миң сом байге (3 окуучуга 50 миң сомдон) берилерин айтышты.
Ошондой эле ЖРТ жеңүүчүлөрүнө жана “Алтын сертификат” ээлерине облус, район-шаар башчыларынын да акчалай сыйлыктары каралган.