Мелис Совет уулу

Бишкек
Кыргызстанда январь айында алтын экспорту 3,8 эсеге азайган

Экономика

Кыргызстанда январь айында алтын экспорту 3,8 эсеге азайган

Кыргызстан 2026-жылдын январь айында алтын экспортунан 16,2 млн доллар киреше тапты. Мындай тыянакты Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын талдоонун негизинде чыгарууга болот. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2026-жылдын январында өлкө дээрлик 99 кг алтын саткан, бирок февраль айында жеткирүүлөр толугу менен токтотулган. Ушундай эле тыныгуу 2025-жылдын февраль айында да байкалган. Жылдык салыштырууда

Бишкекте 2 фонтан жаңыртылды

Экономика

Бишкекте 2 фонтан жаңыртылды

Бишкек шаарында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эки шаардык фонтан ачылганын мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, фонтандын бирөө Театралдык гүл бакчасында, Кыргыз улуттук опера жана балет театры жанында, дагы бирөө Уркуя Салиева аянтында жайгашкан. Бул аймактарды оңдоо жана көрктөндүрүү иштери жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү. Театралдык

Бишкекте 30-апрелден 6-майга чейин айрым жерлерде жаратылыш газы болбойт

Экономика

Бишкекте 30-апрелден 6-майга чейин айрым жерлерде жаратылыш газы болбойт

"Бишкекгаз" газ кызматы төмөнкү басымдагы газ түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу 30-апрелден 6-майга чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн билдирди. Гаражная көчөсү, Жибек Жолу көчөсү, Калинин көчөсү, Салиева көчөсү. "Бишкекгаз" газ кызматы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абоненттерди газ өчүрүлгөн мезгилде

Акыркы беш жылда 1488 мүлк мамлекетке алынып, 221и сатылган

Кыймылсыз мүлк

Акыркы беш жылда 1488 мүлк мамлекетке алынып, 221и сатылган

Кыргызстанда 2020-жылы келген бийликтин тушунда мурда-кийин мыйзамсыз менчиктештерилген делген 1488 мүлк кайра мамлекетке алынган. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Замирбек Кененбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Ал бул объектилердин ичинен 221 объект сатылып, 1048и мамлекеттик мекемелерге берилсе, калган 219 мүлк Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

Кыргызстан-Кытай-Пакистан транспорттук маршруту ишке кирди

Транспорт

Кыргызстан-Кытай-Пакистан транспорттук маршруту ишке кирди

Эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун жана дүйнөлүк деңиз портторуна түз чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоонун алкагында Кыргызстан—Кытай—Пакистан багыты боюнча жаңы пилоттук маршрут ишке киргизилерин Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маршрут Бишкек шаарынан башталып, Торугарт, Кашгар, Хунджераб жана Исламабад аркылуу өтүп, Карачи деңиз портуна чейин жетет. Жалпы

Ички авиакаттамдар боюнча жеткиликтүү тарифтерди Asman Airlines сунуштайт

Транспорт

Ички авиакаттамдар боюнча жеткиликтүү тарифтерди Asman Airlines сунуштайт

Бүгүнкү күндө ички авиакаттамдар боюнча эң актуалдуу жана жеткиликтүү тарифтерди мамлекеттик авиакомпания Asman Airlines сунуштап жатканын "Кыргызстан аэропорттору" ААКынын басма сөз кызматы билдирди. 2026-жылдын 1-майынан тартып Бишкек – Ош жана Бишкек – Манас (Жалал-Абад аэропорту) ички авиакаттамдарында авиабилеттерге макулдашылган баа системасы киргизилет. Бул чечим "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын

Пекинде туристтер үчүн "саякат капчыгы" бар платформа ишке кирди

Экономика

Пекинде туристтер үчүн "саякат капчыгы" бар платформа ишке кирди

Кытайдын борбору Пекин шаарында чет өлкөлүк туристтер үчүн GO BEIJING аттуу бирдиктүү санарип платформа расмий түрдө ишке киргенин Kazinform билдирди. Жаңы долбоор туристтердин сапарын жеңилдетүү жана күнүмдүк кызматтарды жеткиликтүү кылуу максатын көздөйт. Платформа шаардык мекемелер жана Alipay төлөм сервиси менен биргеликте иштелип чыккан. Ошондой эле туризм, соода жана салык тармагындагы

Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандыктар 20 млн сомдон ашык акчага алданышкан

Коом

Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандыктар 20 млн сомдон ашык акчага алданышкан

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев угуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга карата бир катар алдамчылык фактылары катталганын билдирди. Анын айтымында, бул иштер боюнча келтирилген зыян 20 миллион сомдон ашат. Парламентарийдин маалыматына ылайык, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген 30дан ашык адам бири-бирине каршы арыз жазып, алар алдамчылык фактылары катары катталган. Сөз 2023–2025-жылдар аралыгындагы окуялар

Зергерчилик өнөр жайын колдоого МинКаб 87,1 млн сом жумшайт

Экономика

Зергерчилик өнөр жайын колдоого МинКаб 87,1 млн сом жумшайт

Тиешелүү №276-т буйрукка 2026-жылдын 22-апрелинде Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документ ата мекендик зергерчилик тармагын өнүктүрүү жана модернизациялоо, Кыргызстанда өндүрүлгөн зергер буюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана тармактагы ишканалардын өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүү максатында кабыл алынган. Буйрукка ылайык, Финансы министрлигине Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети менен макулдашуу аркылуу долбоорду ишке ашыруу

ИӨБ 80 млн долларлык долбоорду жеңилдетилген насыя менен каржылайт

Экономика

ИӨБ 80 млн долларлык долбоорду жеңилдетилген насыя менен каржылайт

2026-жылдын 29-апрелинде Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ислам өнүктүрүү банкынын(ИӨБ) миссиясы менен жолугушуу өткөрдү. Делегацияны доктор Фарид Ахмед Хан жетектеди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо объекттерин модернизациялоо долбоорун ишке ашырууну талкуулашты. Долбоордун болжолдуу каржылоо көлөмү жеңилдетилген насыя шарттары менен 80 млн долларды түзөт. Анын алкагында Ош шаарында онкологиялык борборду

Ишкерлердин укуктарын бузгандыгы үчүн 247 мамчиновник жоопкерчиликке тартылды

Экономика

Ишкерлердин укуктарын бузгандыгы үчүн 247 мамчиновник жоопкерчиликке тартылды

2025-жылы ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын бузгандыгы үчүн 247 кызмат адамы жоопкерчиликке тартылганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалымат Баткен шаарында өткөн ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңештин жыйынында айтылды. Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган мезгилде 233 текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө мыйзамдардын 577 бузулушу аныкталган. Ишкерлердин укуктарын калыбына келтирүү

Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун кароону, тапшырууну санариптик түргө өткөрүү сунушталды

Саясат

Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун кароону, тапшырууну санариптик түргө өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун тапшыруу жана кароо процессин электрондук форматка өткөрүүнү караган мыйзам долбоору киргизилди. Документ парламенттин регламенти жана ченемдик укуктук актылар тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Өзгөртүүлөрдүн маңызы — документтерди бир эле учурда кагаз жана электрондук түрдө милдеттүү түрдө тапшыруу талабынан баш тартуу. Анын ордуна мыйзам долбоорлорун жана коштоочу материалдарды