Казакстанда пайызсыз ипотеканы ишке киргизүү каралууда
Казакстандын “Байтерек” Улуттук башкаруу холдингинин башкармасынын төрагасы Рустам Карагойшин исламдык ипотеканы ишке киргизүү маселеси учурда каралып жатканын Tengrinews.kz маалымат булагына билдирген.
Карагойшиндин айтымында, жергиликтүү жарандардан мындай «каржылык чечимдерге» суроо-талап көп түшүп жатат. Андыктан мындай мүмкүнчүлүктү киргизүү азырынча эл аралык институттар менен биргеликте изилденүүдө.
“Белгилүү болгондой, биздин түзүмдө Отбасы банк түздөн-түз калк менен иштеген сейрек туунду уюмдардын бири. Калктын басымдуу бөлүгү белгилүү диний эрежелерди карманат. Ошондуктан мындай өтүнүчтөр келип жатат. Азыр бул багытта бир нече эл аралык институттар менен меморандумдарга кол койдук. Бирок так мөөнөттөр азырынча анык эмес”, - деп билдирди Карагойшин.
“Байтерек” холдингинин төрагасы белгилегендей, азыр механизм изилденүү стадиясында жана исламдык ипотеканы ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөттөрүн айтууга эрте. Себеби Отбасы банктын азыркы модели негизинен топтоо системасына негизделген.
“Биз мындай кызмат сөзсүз ишке киргизилет деп айта албайбыз. Себеби Отбасы банктын системасынын негизги модели мамлекеттик программадан сырткары топтоо механизмине негизделген. Эгер биз исламдык ипотека тууралуу айта турган болсок, ал топтоо системасынан бир аз айырмаланат. Биз колдонгон топтоо системасы, немецтердикине окшош. Ошондуктан биз азыр изилдеп чыгып, андан кийин гана чечим кабыл алабыз”, - деп жыйынтыктады төрага.