Ысык-Ата районунда 21 миң 900 даана мыйзамсыз тамеки кармалды
Ысык-Ата районунда мыйзамсыз тамеки ташууга бөгөт коюлганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Салыкчылар рейддик салык көзөмөлдүн жүрүшүндө Бирдик айылынан акциздик маркасы жок тамеки продукциясын аныкташкан.
Рейддин жүрүшүндө тамеки продукциясын башка автотранспорт каражатына жүктөп жаткан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа аныкталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган унаадан акциздик маркасы жок 21 миң 900 даана ORIS жана ZUMERRET маркасындагы тамеки табылган.
Жыйынтыгында бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, эми мыйзамга ылайык процессуалдык чечимдер кабыл алынат. Ошондой эле унаа жагдайлар такталганга чейин атайын айып токтотуучу жайга киргизилди.