Кыргызстанда кайсыл табийгый өсүмдүктөрдү казып сатууга тыюу салынган?

Кыргызстанда кайсыл табийгый өсүмдүктөрдү казып сатууга тыюу салынган?

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Азат Сагынов "Биринчи радио" эфиринде Кыргызстанда айрым өсүмдүктөрдүн түрлөрүн пайдаланууга 2027-жылдын 1-январына чейин убактылуу тыюу (мораторий) салынганын эске салды.

Анын айтымында, Министрлер кабинети 2024-жылдын 28-майында №270 токтом кабыл алган.

Тыюу салынган өсүмдүктөрдүн катарына төмөнкүлөр кирет: макротомия (эндик), арнебия, ясенец, аконит, афлатун пиязы, родиола, самарканд бозуначы, Ольганын жжучкасы, узун мамычалуу жжучка, мамычалуу жжучка жана Чимган жжучкасы.

Тыюу төмөнкү аракеттерге тиешелүү:

  • жыйноого жана кайра иштетүүгө;
  • сатып алууга жана сатууга;
  • ташууга жана пайдаланууга;
  • өлкө аймагынан тышкары алып чыгууга (экспорттоого).

Азат Сагыновдун айтымында, мисалы, макротомия (эндик) негизинен республиканын түштүк бөлүгүндө, Токтогул районунда жыйналат. Мыйзамсыз жыйноо көбүнчө тоолуу аймактарда жүргүзүлөт. Өсүмдүктөр контрабандалык жол менен чет өлкөгө чыгарылып, сатылат. Алар дары-дармек, косметика жана башка максаттарда колдонулат.

Ал белгилегендей, аймактык инспекторлор техникалык өсүмдүктөрдү мыйзамсыз жыйноонун алдын алуу үчүн тоолордо туруктуу рейддерди өткөрүп турушат. Өсүмдүктөрдү тамыры менен казып алып, өсүмдүктөр дүйнөсүнө олуттуу зыян келтиришүүдө.
Рейддер тынымсыз, суткасына 24 саат бою ыкчам тартипте жүргүзүлөрү кошумчаланды.

Мындан тышкары окуңуз

ЖК депутаты журналисттердин турак жай, маяна маселесине көңүл бурууну сунуштады

ЖК депутаты журналисттердин турак жай, маяна маселесине көңүл бурууну сунуштады

Өлкөдө журналисттердин турак жай маселесинен баштап айлык акысына чейин көңүл буруу зарыл экенин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салтанат Аманова билдирди. Анын айтымында, учурда коомчулукту такталган маалымат менен камсыздоодо журналисттердин эмгеги бааланышы зарыл. Азыр алардын маянасы 13 миңден 20 миңге чейин, эң көп алганы 30 миң сом. Мындан улам эл өкүлү

Кыргызстанда аңчылык кылуу  билетинин баасы 15 миң сом болот

Кыргызстанда аңчылык кылуу билетинин баасы 15 миң сом болот

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Азат Сагынов "Биринчи радио" эфиринде билдиргендей, 2025-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык боюнча 75 факт катталганын билдирди. Анын айтымында, аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча 121 протокол түзүлүп, суммасы 1,5 млн сомдон ашык айып пул салынган. Мыйзамсыз аңчылык республиканын бардык аймактарында жайылган:

Оман аркылуу 5-мартта БАЭдеги 360 кыргызстандык мекенине келет

Оман аркылуу 5-мартта БАЭдеги 360 кыргызстандык мекенине келет

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 4-марттан 5-мартка караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу үчүн Оман аркылуу атайын эки каттам уюштуруларын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, айрым техникалык кыйынчылыктарга жана аймактагы татаал кырдаалга карабастан, министрлик жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр коопсуз аба коридорун макулдашууга жетишти.

Бишкекте унаа токтотуучу жайлар эми саатына жараша эсептелеби?

Бишкекте унаа токтотуучу жайлар эми саатына жараша эсептелеби?

Бишкек шаардык мэриясы "Шаардагы муниципалдык паркингдердин жана токтотуучу жайлардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу маселелери жөнүндө" токтом долбоорун иштеп чыкты. Бул документ шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна чыгарылган. Долбоордун негизги пункттары: * Муниципалдык паркингдер жана токтотуучу жайлар боюнча Жобону бекитүү пландалууда; * Паркинг үчүн расмий тарифтерди орнотуу; * Убакытты автоматтык эсептөөчү система менен жабдылган