Кыргызстандын шаарларында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станциялар орнотулат
Кыргызстанда Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн 50 млн долларлык гранттык каражаттын эсебинен абанын сапатын жакшыртуу долбоору ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын Жогорку Кенештин комитет жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова билдирди.
Анын айтымында, долбоордун алкагында Кыргызгидромет кызматы үчүн заманбап жабдуулар сатып алынды. Ошондой эле абанын сапатына туруктуу байкоо жүргүзүүчү борборду жана жаңы лабораторияны куруу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоо боюнча тендер өткөрүлдү.
"Абанын булгануу деңгээлине мониторинг жүргүзүүчү көчмө лабораторияларды сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду. Мындан тышкары, Бишкек, Ош, Кара-Балта, Чолпон-Ата жана Токмок шаарларына 11 автоматтык станцияны орнотуу үчүн техникалык документтер даярдалып жатат", – деди Райымкулова.
Бул иш-чаралар өлкөнүн ири шаарларындагы экологиялык абалды так көзөмөлдөөгө жана абаны булгоочу булактарды ыкчам аныктоого мүмкүндүк берет.