"Кызмат" мекемеси паспорт, нике күбөлүгүн берүү сыяктуу кызматтардын баасын өзгөрттү
"Кызмат" мамлекеттик мекемеси паспорт, нике күбөлүгү жана жашоого уруксат сыяктуу кызматтардын баасын өзгөрттү.
2026-жылдын 1-январынан тартып мекеме өзүн-өзү каржылоо негизинде иштей баштады. Буга чейин ал Кыргызстандын республикалык бюджетинин каражатынын эсебинен иш алып барчу.
Ушуга байланыштуу көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тарифтери өзгөртүлдү.

Маалыматка ылайык, "Кызмат" мамлекеттик мекемеси мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана электрондук форматка өткөрүү боюнча бир катар ири долбоорлорду ишке ашырып жатат.
Мындан тышкары калкты тейлөө борборлорун этап-этабы менен модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө.