Маданият министрлиги аймактык гезиттер үчүн мамлекеттик буйрутмаларды киргизет

Маданият министрлиги аймактык гезиттер үчүн мамлекеттик буйрутмаларды киргизет

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аймактык гезиттерди колдоо үчүн мамлекеттик социалдык буйрутма киргизүүнү пландап жатканын парламенттик комитеттин жыйынында министрдин орун басары Марат Тагаев билдирди.

Депутат Салтанат Абдылдаева өзүн-өзү каржылоого өткөн гезиттер оор абалга туш болгонун айтты. Анын сөзүнө караганда, ага аймактык редакциялардын кызматкерлеринен көп кайрылуулар түшүп жатат, айрымдарынын айлыгы болгону 5 миң сомдун тегерегинде.

Абдылдаева жергиликтүү ЖМКлардын абалына мониторинг жүргүзүп, аймактардагы кызматкерлердин иштөө жана жашоо шарттары менен таанышуу керектигин сунуштады.

Марат Тагаевдин айтымында, эки жыл мурун атайын изилдөөнүн негизинде жергиликтүү гезиттер чарбалык каржылоого өткөрүлгөн. Бирок азыркы абалды эске алып, министрлик мамлекеттик социалдык буйрутма механизмин киргизген.


"Эгер бул гезиттерде жакшы долбоорлор болсо, биз аларды мамлекеттик социалдык буйрутма аркылуу колдоого даярбыз",-дейт ал.

Мындан тышкары, ал "Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү" аттуу мамлекеттик мекеме түзүлгөнүн эске салды. Бул мекеме төмөнкү басылмаларды бириктирүү аркылуу түзүлгөн:

  • "Кыргыз Туусу" басма үйү
  • "Слово Кыргызстана" басма үйү
  • "Байчечекей" журналы
  • "Ала-Тоо" журналы

Чиновниктин айтымында, бул бирикменин айлык акысы жана бардык чыгымдары толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат.

Марат Тагаев ошондой эле апрель айында маданият тармагындагы кызматкерлердин айлыгы жогорулары пландалып жатканын билдирди. Ошондон кийин бул мекемеде иштеген журналисттердин айлыгы да көбөйүшү күтүлүүдө.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2024-жылы 12 облустук гезиттин редакциясын чарбалык эсепке өткөргөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди