Кыргызстандыктар эми Азербайжан университеттеринде бюджеттик негизде окуй алышат
Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин жарлыгына ылайык, чет өлкөлүк студенттерди Азербайжандын жогорку окуу жайларында окуусун колдоо максатында "Гейдар Алиев атындагы Эл аралык билим берүү гранты" программасы ишке киргизилгенин Кыргыз Республикасындагы Азербайжан элчилиги билдирди.
Конкурска Кыргызстандын жарандары да катышып, 2026–2027 окуу жылына билим ала алышат.
Окуу Азербайжандын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында төмөнкү программалар боюнча жүргүзүлөт:
- Бакалавриат;
- Магистратура;
- Докторантура;
- Медициналык негизги билим берүү программалары.
Грант программасы, катышуу шарттары жана арыз тапшыруу тартиби тууралуу толук маалымат расмий порталдан табууга болот.
2026–2027 окуу жылына грант программасына катталган Кыргызстандын талапкерлери төмөнкү документтерди 10-апрелге чейин Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Inter@ilim.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүшү керек:
- тандаган университет жана окуу багытын көрсөткөн арыз;
- паспорттун көчүрмөсү;
- байланыш маалыматы.