Кытайда эми чет өлкөлүктөр онлайн катталса болот

Кытайда эми чет өлкөлүктөр онлайн катталса болот

ТИМ Кытайдын Миграция иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгы мейманканалардан тышкары жайгашкан чет өлкөлүк жарандарды онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизгенин билдирет.

Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, бул система чет өлкөлүк жарандар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу жана административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү максатында, 20-марттан тартып, Кытайдын Хэбэй, Ляонин, Чжэцзян, Хубэй, Сычуань провинцияларында, ошондой эле Гуанси-Чжуан автономиялуу районунда жана Чунцин шаарында ишке ашырылып жатат. Келечекте бул практиканы өлкөнүн бардык аймагына жайылтуу пландалууда.

Кытайдын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, мейманканаларда жашаган чет өлкөлүк жарандар мейманкананын администрациясы тарабынан катталууга тийиш, андан кийин маалыматтар коомдук коопсуздук органдарына берилет. Эгерде мейманканадан тышкары жерде жашаса, чет өлкөлүк жаран же кабыл алуучу тарап 24 сааттын ичинде иш жүзүндө жашаган жери боюнча катталууга милдеттүү.

Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, жарандар каттоону онлайн форматта Кытайдын миграция кызматынын "移民局 12367" мобилдик колдонмосу аркылуу, ошондой эле "WeChat" жана "Alipay" системаларындагы мини-программалар аркылуу жүргүзүүгө болот. Мында коомдук коопсуздук органдарына жеке кайрылуу аркылуу маалыматтарды салттуу тартипте берүү мүмкүнчүлүгү сакталат. Онлайн-каттоо жеке кайрылуу аркылуу жүргүзүлгөн каттоо менен тең укуктук күчкө ээ.

Тышкы саясий ведомство Кытайдын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына жашаган жерин каттоо боюнча белгиленген талаптарды кылдаттык менен сактоону сунуштайт. Суроолор же кыйынчылыктар пайда болгон учурда, Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин ыкчам байланыш телефонуна кайрылуу зарыл:

  • 13001904346;
  • +996 508 888 213 (WhatsApp).

Мындан тышкары окуңуз

Тай-Мурас Ташиевге таандык компаниянын 5 жылдык кирешеси 526,8 млн сом болгону көрсөтүлдү

Тай-Мурас Ташиевге таандык компаниянын 5 жылдык кирешеси 526,8 млн сом болгону көрсөтүлдү

Мамлекеттик салык кызматынын ачык порталындагы маалыматтарга ылайык, 2020–2025-жылдар аралыгында Тай-Мурас Ташиевге таандык "Мока Групп" компаниясынын таза кирешеси 526 миллион 828 миң 869 сомду түзгөн. Такталгандай, бул бардык чыгымдар, салыктар жана милдеттүү төлөмдөр алынгандан кийинки таза киреше болуп эсептелет. Буга чейин Тай-Мурас Ташиевдин аты жана ага байланыштуу компаниялар

Кара-Суу районунда 2,6 млн сом алдап кеткен жарандар кармалды

Кара-Суу районунда 2,6 млн сом алдап кеткен жарандар кармалды

Кара-Суу районунун эки тургуну кум карьерин иштетүүгө лицензия алып берүүнү убада кылган адамдар 2,6 млн сомдон ашуун акчасын алып, сөзүнө турбай коюшканына даттанып, милицияга кайрылганын Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жабыркаганын айткан адамдар шылуундарга кум карьерин иштетүү укугуна жетүү үчүн 2 млн 625 миң 700

Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу мөөнөтү 31-мартта аяктайт

Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу мөөнөтү 31-мартта аяктайт

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы 31-мартта аяктайт. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунан “Кабар” агенттигине билдиришти. Маалыматка ылайык, акция аяктагандан кийин айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн 1389 сом өлчөмүндөгү төлөм алынат. Ошол эле учурда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү 31-декабрга чейин 083 формасындагы медициналык маалымкатсыз алмаштыруу мүмкүнчүлүгү сакталат.

Кыргызстандын сүт рыногунда кырдаал талаптагыдай эмес

Кыргызстандын сүт рыногунда кырдаал талаптагыдай эмес

Кыргызстанда сүт рыногундагы кырдаал чыңалуу бойдон калууда. Сатып алуучулар сүт продукциясынын баасы өтө кымбат деп нааразы болсо, фермерлер сатып алуу баасын көтөрүүнү талап кылууда. Азыр мобилдик сүт сатуу чекиттеринде сүт 1 литр үчүн 80 сомдон сатылууда. Ал эми тетрапактагы сүт 110 сомго чейин кымбаттаган, кээ бир фирмалар 1 литр сүттү