Президенттин атын жамынган жалган төлөмдөр жана “Улуттук банктын насыялары”: КРда алдамчылык схемалар кандайча иштейт

Президенттин атын жамынган жалган төлөмдөр жана “Улуттук банктын насыялары”: КРда алдамчылык схемалар кандайча иштейт

Алдамчылык Кыргызстанда эң тез өсүп жаткан кылмышка айланды. КРнын ИИМнин расмий маалыматына ылайык, 2026-жылдын алгачкы беш айында (январь–май) өлкөдө 6144 алдамчылык фактысы катталган. Бул бир гана укук коргоо органдарына кабарланган маалымат, ал эми шылуундардын тузагына түшүп, бирок милицияга барбагандар канча!

Алдамчылар алдоо схемасын улам жаңылап, ыңгайлаштырып, мамлекеттик органдардын символдорун активдүү колдонуп, үзгултүксүз өзгөртуп турушат.  

Эгемендүүлүк күнүнө карата төлөмдөр тууралуу жалган маалымат

Социалдык медиа жана мессенджерлерде КРнын президенти Садыр Жапаровдун атынан жалган жарыя жайылтылууда. Анда жарандарга Эгемендүүлүк күнүнүн урматына - 5000 сом төлөм алууга укуктуу экендиги айтылат. Акчаны алуу үчүн колдонуучуларга көрсөтүлгөн шилтемеге кирип, “каттоо” жол жобосунан өтүү сунушталат.  

ИИСдин маалыматы боюнча, бул жарыя алдамчылык болуп саналат. Мындай жасалма кошмо сайттарды түзүүдө кылмышкерлердин негизги максаты - жарандардын жеке, банктык жана башка купуя маалыматтарына жетүү болуп саналат.

“Жеңилдетилген насыялар” жана жасалма сертификаттар

Кызмат адамдарынын ысымдарын жана мамлекеттик атрибутиканы колдонуу — адамдарды адаштыруу үчүн колдонулган көптөгөн ыкмалардын бири гана. Эң кеңири жайылган амалдардын бири катары Telegram-каналдар аркылуу “жеңилдетилген насыяларды” тариздөө калууда.

Мессенджерде төмөнкү пайыздык чен менен, мисалы 1,4% менен карыз алууга көмөк көрсөтүүнү убада кылган каналдар ачылат. Каналдардын аталыштары жана жеке “менеджерлердин” ысымдары бат-баттан өзгөрүп турат. Баарлашуу учурунда болочоктогу курмандыктарга “реестрлердин” жасалма скриншотторун жөнөтүшөт, убакыттын жасалма тартыштыгын жаратышат (акыркы гана квота калды же билдирме бир-эки саат гана жарактуу деп ишендиришет) жана кызмат көрсөтүүлөр, комиссия же камсыздандыруу үчүн алдын ала төлөм талап кылышып, акчаны алары менен изин суутуп, жок болушат.

Ишенимди арттыруу үчүн кылмышкерлер көбүнчө жасалма документтерди көрсөтүшөт. Атап айтканда, жеке жактарга консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө жана насыя берүүгө укук берет, делген жасалма “КР Улуттук банкынын квалификациялык сертификаттары” таратылууда. Чындыгында, Улуттук банк социалдык тармактар же мессенджерлер аркылуу каржылык кызмат көрсөтүү үчүн жеке жактарга мындай сертификаттарды бербейт. Ошондой эле насыя да бербейт - муну менен коммерциялык жана мамлекеттик банктар гана алектенет. Алардын ар биринин өз шарттары бар жана алар менен банктардын сайттарынан же кеңселерине кайрылып таанышууга болот.

Соцтармактагы алдамчылык, фишинг жана “мамлекеттик органдардан” чалуулар

Ошол эле учурда Instagram социалдык тармагында “күрөөсүз жана кепилдиксиз 1 000 000 сомго чейинки насыяларды дароо жактыруу” сунушталган жарнамалар жайгаштырылууда. “Билдирме калтыруу” баскычын басканда, колдонуучу автоматтык түрдө сырткы сайттарга багытталат. Сырткы көрүнүшү боюнча бул сайттар Улуттук банктын же коммерциялык банктардын расмий порталына окшошуп турат.

Эгерде адам мындай сайтка банк картасынын маалыматын, эсептин реквизиттерин же ырастоо коддорун киргизсе, алдамчылар үчүн анын эсебине жол ачылат.
Дагы бир кеңири таралган алдамчылык - бул укук коргоо органдарынын, Улуттук банктын, салык кызматынын же уюлдук телефон операторлорунун атынан чалуулар жана WhatsApp билдирүүлөрү. "Эсептин коопсуздугун текшерүү", "SIM-карта келишимин жаңыртуу" же "шектүү насыя арызын жокко чыгаруу" деген шылтоо менен алдамчылар SMS коддорду, банк картасынын маалыматтарын алууга же адамдарды акчаны коопсуз деп болжолдонгон эсепке которууга көндүрүүгө аракет кылышат.

Ошондой эле “утуштар”, байгелер же акчалай жардам алуу тууралуу билдирүүлөрдү жөнөтүү сыяктуу классикалык схема да актуалдуу бойдон калууда, мында акчаны которуу үчүн адамдан анча чоң эмес алдын ала төлөм же комиссия төлөө талап кылынат.

Акчаңызды кантип коргоо керек

Улуттук банк жана укук коргоо органдары фишингден жана каржылык афералардан коргонуунун негизги эрежелерин эске салышат. Төлөмдөр, бонустар жана жеңилдетилген насыялар жөнүндө маалыматты ар дайым тиешелүү мекемелердин жана банктардын расмий сайттарынан гана тактоо маанилүү. Ошондой эле жеке билдирүүлөрдөгү же күмөндүү жарнамалык посттордогу бейтааныш шилтемелерге өтпөө кажет.

Купуя маалыматтарды — PIN-коддорду, картанын арткы бетиндеги CVV/CVC-коддорду, мобилдик банкингдин сыр сөздөрүн жана SMS аркылуу келген бир жолку коддорду эч кимге берүүгө болбойт, анткени банктардын жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери аларды эч качан сурашпайт.

Насыя алганга чейин “комиссия”, “камсыздандыруу” же “каттоо” үчүн алдын ала төлөм которуу талабы — алдамчылыктын ачык белгиси.

Улуттук банк эскертет: бүгүнкү күндө өздүк каржылык коопсуздукка кам көрүү туруктуу сактыкты талап кылат, анткени ар бир жаңы алдамчылык схемасынын артында кылдат эсептелген амалдар жана психологиялык басым турат.

Акчадан же жеке маалыматтардан ажыроо — ар дайым оор стресс, ал эми андан сактанууга жөнөкөй адаттар жардам берет. Андыктан, чечим кабыл алууда шашпоо, ар кандай маалыматты кайра тактоо жана санариптик гигиена эрежелери жөнүндөгү билимдерди жакындар, өзгөчө улуу муундагы туугандар менен бөлүшүү керек.

Майда-чүйдөгө чейин кунт коюу, акылга салып шектенүү жана купуя маалыматтарды берүүдөн баш тартуу — бул үй-бүлөлүк бюджетти гана эмес, жакындарыңыздын тынчтыгын да сактай турган эң ишенимдүү коргоо.

 

Мындан тышкары окуңуз

Бажы кызматынын өкүлдөрү кармалды

Бажы кызматынын өкүлдөрү кармалды

КР УКМК КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк аймагы боюнча ички иликтөө департаменти менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, Мамлекеттик бажы кызматынын "БИМИ Ош сервис" бажылык тариздөө пунктун текшерүү тобунун инспекторлорун (К.У.Т.

Садыр Жапаров КРнын Акыйкатчысы менен жолугушту

Садыр Жапаров КРнын Акыйкатчысы менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен жолугушуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы актуалдуу маселелер каралды. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жамиля Жаманбаева Мамлекет башчысына Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү, иштин негизги жыйынтыктары жана акыркы жылдарда жетишилген натыйжалар, ошондой эле жарандардын укуктарын, ар-намысын жана

Пенсияларды 1-октябрдан тартып индексациялоо тууралуу токтом кабыл алынды

Пенсияларды 1-октябрдан тартып индексациялоо тууралуу токтом кабыл алынды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев КРнын Министрлер Кабинетинин "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө» токтомуна кол койду. Токтом КРнын Президентинин 2026-жылдын 10 - августундагы “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын

Салык кызматында жасалма интеллектти киргизүү талкууланды

Салык кызматында жасалма интеллектти киргизүү талкууланды

КРнын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов YZi Labs (мурдагы Binance Labs) тарабынан колдоого алынган, санариптик инфратүзүмдү иштеп чыгуучу Sign компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Аталган кызматтын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө салыктык башкарууну санариптештирүү, заманбап санариптик чечимдерди өнүктүрүү жана салык системасына жасалма интеллект технологияларын киргизүү жаатындагы кызматташуунун келечектүү багыттары