Бажы кызматынын өкүлдөрү кармалды

Бажы кызматынын өкүлдөрү кармалды

КР УКМК КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк аймагы боюнча ички иликтөө департаменти менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, Мамлекеттик бажы кызматынын "БИМИ Ош сервис" бажылык тариздөө пунктун текшерүү тобунун инспекторлорун (К.У.Т. жана Т.А.М.) кармашты.

Кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө “Ош” бажысынын кызмат адамдары ыйгарым укуктарын кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланып, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн айрым өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, материалдык сый акы алуу максатында ташылып өтүүчү товарларга тийиштүү бажылык кароо, текшерүү жүргүзүшпөгөн жана алар товарларды туура эмес декларациялоо жолу менен өткөрүп жиберүүгө көмөктөшкөн.

Ошондой эле, мыйзамдарда каралган бажы жол-жоболорунан жана көзөмөлдөн качууга шарт түзүшкөн.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Ош бажысынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирген. Тергөө иштери жүрүп жаткан учурда, кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда КР УКМК кылмыштуу схемага катышкан башка бажы кызматкерлерин аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иштерди улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media