Кеминде спорт комлексти куруунун ордуна ишкер 7.4 млн сомду жеке кызыкчылыгына пайдаланган – Башкы прокуратура
Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган айыл өкмөттүн кызмат адамдары бир катар мыйзам бузуучулуктарга барышкандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Тактап айтканда, 2020-жылы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү менен «Б» ЖЧКнын ортосунда аткаруу мөөнөтү 6 айлык болгон аталган айыл аймакка жалпы баасы 12