Кыргызстанда ЖЕЭК жыйыны өтөт

Кыргызстанда ЖЕЭК жыйыны өтөт

Ушул жылдын 9-декабрында Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. 

Анын айтымында, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин башчылары учурдагы экономикалык абалды, ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

«ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери өтүп бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, Биримдиктин өнүгүү келечеги боюнча пикир алмашат. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өнөктөштүгүн чыңдоого, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда», — деди Азымбакиев. 

Мындан тышкары окуңуз

Соода-өнөр жай палатасы чет өлкөлөрдө 5 жаңы өкүлүн бекитти

Соода-өнөр жай палатасы чет өлкөлөрдө 5 жаңы өкүлүн бекитти

Соода-өнөр жай палатасы бизнес өкүлдөрүнүн эл аралык тармагын кеңейтүүдө. Бул тууралуу палатанын президенти Темир Сариев социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Палата президиумунун акыркы жыйынында алты өлкөдө иштей турган беш жаңы өкүл бекитилди: • Хорватия жана Словения – Изат Назарматов; • Болгария, София жана София аймагы – Адилет Камчыбеков; • Түштүк Корея – Фатима Жумабаева; • Орусия, Түндүк

Ишкер Media
Чүйдөгү мектептер экологиялык таза жылытуу системалары менен жабдылат

Чүйдөгү мектептер экологиялык таза жылытуу системалары менен жабдылат

“Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында Чүй облусундагы 30 мектепти жана бала бакчаны экологиялык жактан таза жылытуу системалары менен камсыздоо, ошондой эле тиешелүү адистердин квалификациясын жогорулатып, окутуу пландаштырылууда. Ал үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен аталган долбоорду 2029-жылга чейин

Ишкер Media
Соода-өнөр жай палатасына дагы 70 жаңы мүчө кабыл алынды

Соода-өнөр жай палатасына дагы 70 жаңы мүчө кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президиумунун жыйынында 70 жаңы мүчө кабыл алынды. Бул тууралуу палатанын президенти Темир Сариев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Маалыматка ылайык, алар өлкөнүн бардык аймактарынан келип, экономиканын ар кандай тармактарында иш алып барышат. Жыйында жаңы мүчөлөргө сертификаттар тапшырылып, алдыдагы иштерине ийгилик кааланды. Палатанын максаты ишкерлерди

Ишкер Media
"Балага сүйүнчү" жөлөк пулдун арызын  "Түндүк"аркылуу берсе болот

"Балага сүйүнчү" жөлөк пулдун арызын "Түндүк"аркылуу берсе болот

2026-жылдын 14-октябры, «Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Балага сүйүнчү» мамлекеттик жөлөк пулун тариздөө боюнча электрондук кызмат ишке киргизилди. Эми ата-энелер жөлөк пул алуу үчүн арызды смартфон аркылуу берип, калкты тейлөө борборлоруна барбастан эле кызматтан пайдалана алышат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Жаңы кызмат Социалдык камсыздоонун бирдиктүү тутумуна тиешелүү модулду

Ишкер Media