«Кепилдик фонду» ишкерлерди колдоп, 1 млрд сомго кепилдик берди
30-ноябрга карата «Кепилдик фонду» ААК 1 млрд сомдон ашык суммага 665 кепилдик берип, рекорддук санды көрсөттү. Бул кепилдиктердин эсебинен өнөктөш банктар 3.5 млрд сомдон ашык кредиттерди беришкен. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди. 2020-жылы «Кепилдик фонду» өлкөдөгү кичи жана орто бизнести колдоого 799 млн сомдук