Эржан Кайыпов: бюллетендер колго убагында саналбаганы күмөн жаратат

Эржан Кайыпов: бюллетендер колго убагында саналбаганы күмөн жаратат

Бюллетендерди колго эсептөө эртеси күнү башталганы күмөн жаратат. Себеби, эсептөө убагында жүргүзүлбөгөндөн кийин, түнкүсүн сервердеги маалыматка ылайыктап өзгөртүлбөгөнүнө эч ким кепилдик бере албайт. Мындай пикирин «Улуттар Биримдиги» партиясынан талапкер Эржан Кайыпов Economist.kg басылмасына билдирди.

Анын айтымында, одоно мыйзам бузуулар болгон.

«Шайлоо күнү, сервер иштебей калганга чейин кечки саат 20.00 чамасында жергиликтүү шайлоо участкаларындагы маалыматтар болжолдуу 30% чыккан эле, ошондо бизде 47 миң добушубуз бар экенин сервер көрсөтүп жаткан. Ал эми 80%дан өткөндөн кийин добуштарыбыз 29 миңге түшүп калды. Бул кандай көрүнүш? Шайлоочунун берген добуштарынын саны кыскарбай, тескерисинче, өсүш керек да», – деди ал.

Ошондой эле Эржан Кайыпов эртеси саналып баштаган бюллетендер күмөн саноону жаратып жатканын жана мыйзамга туура келбеген мындай көрүнүштөр шайлоонун жыйынтыгын толук жокко чыгаруулусуна негиз боло алаарын баса белгиледи.

«Сервер өчүп калгандан кийин күмөн саноону жоюу үчүн саат 20.00дө кол менен эсептөө ЖМКдын, партиялардын байкоочуларынын катышуусунда жүрүш керек болчу. Ал жүргүзүлгөн жок. Колго эсептөө эртеси күнү башталганы күмөн жаратып жатат. Себеби, убагында жүргүзүлбөгөндөн кийин түнкүсүн алардын өзгөртүлбөгөнүнө эч ким кепилдик бере албайт. Себеби, бюллетендердин нумерациясы деле жок. Алардын алмаштырылышы, сервердеги маалыматтар менен дал келтирилиши толук ыктымал. Ошондуктан ушундай мыйзамга туура келбеген көрүнүш шайлоонун жыйынтыгын толук жокко чыгаруулусуна негиз боло алат.

Бийликчил деп аталган партиялардын баары өтүп жатат, калган партиялардын баарынын добуштарынын саны кыскарып кетти. Бул уят эле көрүнүш эмеспи», – деди талапкер.

Ал эми бүгүн, 30-ноябрда президент Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбук баракчасында шайлоо тууралуу пикирин билдирип, бийлик шайлоо процессине, БШКнын ишине кийлигишпегенин айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Учкун айылында таза суу системасынын курулушунда техникалык талаптар толук сакталбаганы үчүн 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык регламенттер бузулгандыгы аныкталган. Натыйжада “Профит Экспресс” ЖЧКсына

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Садыр Жапаров, өкмөт өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана инвесторлор катышышты.  Президент бул аймак дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр жаңы бизнес борборлоруна суроо-талапты жаратып жатканда - эл аралык стандарттар инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон таш көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, учурда жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Унаа кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жол маал-маалы менен ачылып, транспорт каражаттары

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарында Жунусалиев көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки тилкесинде жашыл аймакты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек шаардык мэриясынын малыматына ылайык, буга чейин аталган тилкеде мыйзамсыз уюштурулган унаа кирүүчү жолдор жана унаа токтотуучу жайлар аныкталган. Алар шаардык чөйрөнүн абалына терс таасирин тийгизип, жашыл көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратып келген. Учурда “Бишкек