Экономика
Акылбек Жапаров: МЖӨ моделдеринин жардамы аркылуу жеке сектордун өнүгүшүн камсыз кылууга умтулабыз
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча II эл аралык конференциясына катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди. “Биз мамлекеттик-жеке өнөктөштүк моделдеринин жардамы аркылуу жеке сектордун өнүгүшүн камсыз кылууга умтулабыз. Мындай иш-чаралар жергиликтүү адистердин потенциалын жогорулатууга жана долбоорлорду алдыга жылдырууга эң сонун мүмкүнчүлүк берет”, - деди ал. Ошондой эле билим