Орус бренддери кийим өндүрүшүн Борбор Азияга көчүрүүдө – Кыргызстанда кимдин коллекциялары тигилет?

Орус бренддери кийим өндүрүшүн Борбор Азияга көчүрүүдө – Кыргызстанда кимдин коллекциялары тигилет?

Россиялык бренддер КМШ өлкөлөрүндө, негизинен Борбор Азияда кийим тиге баштады. Бул жерде өндүрүш Кытай же Түркияга караганда арзан жана логистика дагы оңой. Бул тууралуу россиялык "Известия" басылмасы жазып чыкты.

"Известия" жазгандай, мурда РФнын кийим өндүрүүчүлөрү коллекцияларын негизинен Кытайдын фабрикаларында чыгарып келишкен. Бирок, азыр ал жакта товарларды жеткирүү убактысы узарып, тигүү баалары жана логистикалык чыгымдар көбөйүп жатат. Бул тууралуу басылмага Melon Fashion Group (Зарина, Befree, Love Republic жана Sela бренддери), I Am Studio жана "Снежная королева" билдирди. Акыркысы Кыргызстандын ишканаларына буйрутмаларынын бир бөлүгүн бере баштады.

"Учурда Кыргызстан — компаниябыз үчүн логистика жана эркин өндүрүш кубаттуулуктары, ошондой эле арзан баалар жагынан ыңгайлуу болгон жаңы багыт болууда. Буюртмаларды жергиликтүү фабрикаларга берүү бүтүндөй жеткирүү чынжырында чыгымдарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берет жана баанын көтөрүлүшүн токтотот", — деди "Снежная королева".

Ал эми Melon Fashion Group Өзбекстанда тигилген буюртмалар көбөйгөнүн тастыктады. I Am Studio бренди азыр ал жерде жынсы коллекцияларын тигип чыгарууда.

"Известияга" Борбор Азияга берилген буюртмалардын көбөйүшү боюнча комментарий берген Fashion Consulting Group (FCG) агенттигинин маалыматы боюнча, россиялык компаниялар үчүн тигүү көлөмүнүн өсүшү өлкөлөр боюнча бирдей эмес. Өзбекстандын, Казакстандын жана Тажикстандын тигүүчүлөрү кырдаалды эң жакшы пайдаланышып, көп тигип чыгарууда, ал эми Кыргызстанда кардарлардын көлөмү азыраак.

"КМШ өлкөлөрүнүн фабрикаларында тигүүчүлүктүн артыкчылыктарынын арасында технологиялык жактан өнүккөн тигүү жана трикотаж өндүрүшү, өндүрүүчүлөрдүн субсидияларынын болушу, бул бизге арзаныраак өндүрүштүк чыгымдарды алууга мүмкүндүк берет — бул Кытай, Түркия жана РФга салыштырмалуу 20–50%га төмөн. Бул чекене сатуучуларга ал жерде өндүрүлгөн кийимдерди арзан баада сатууга мүмкүндүк берет", — деди FCG CEO Анна Лебсак-Клейманс.

Ошондой эле КМШ заводдорунда өндүрүш убактысы аз жана тездетилген логистика да бар, мындайча айтканда, ал үч күндөн 20 күнгө чейин гана болот. Бул өлкөлөрдө рубль менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот, бул дагы өзгөчө маанилүү. Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрүндө жеңилдетилген бажы шарттары бар: продукцияны РФга алымдарсыз же жеңилдетилген тарифтер менен алып кирүүгө боло тургандыгын басылманын аналитиги билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media