акыркы жаңылыктар

Аксы районунда ашар жолу менен курулган мектептин ордуна жаңы имарат курулат – төрага тапшырма берди

Коом

Аксы районунда ашар жолу менен курулган мектептин ордуна жаңы имарат курулат – төрага тапшырма берди

Аксы районунун Жаңы-Жол айылында жайгашкан №10  Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектеби ашар жолу менен курулган. Анын ордуна жаңы имарат курулат. Бул тууралуу тапшырманы ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиев берди. Эске салсак, Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышты. Жаңы-Жол айылынын мектебинде 900гө жакын окуучу билим алган.

Кыргызстан кореялык Sky Industrial Group менен лифт куруу тармагын өнүктүрүүнү ниеттенүүдө

Экономика

Кыргызстан кореялык Sky Industrial Group менен лифт куруу тармагын өнүктүрүүнү ниеттенүүдө

Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев лифт куруу тармагындагы кореялык Sky Industrial Group жана «Кыргыз лифт ассоциациясы» Коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мекеме билдирди. Холдинг жана «Кыргыз лифт» кластердик ыкманы колдонуу менен Кыргызстанда лифт куруу сыяктуу жаңы өнөр жай тармагын өнүктүрүүнү илгерилетүү максатында Корея менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.

Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүрүшү бир жылда төрт эсеге өстү

Экономика

Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүрүшү бир жылда төрт эсеге өстү

2023-жылдын алты айында Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 17 млн доллардан ашты, бул 2022-жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу төрт эсеге көп. Бул тууралуу Азербайжандын вице-премьер-министри Али Жавад оглы Ахмедов кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунда билдирди. Жолугушууда ал өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 19%га өсүп, 10.8 млн

AZPROMO Кыргызстандын инвестициялык потенциалын изилдейт

Бизнес

AZPROMO Кыргызстандын инвестициялык потенциалын изилдейт

Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Азербайжандын экспортту жана инвестицияларды колдоо агенттигинин аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу Юсиф Абдуллаев менен жолугушту. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Курулуш, билим берүү, байланыш, коргонуу, өндүрүш, транспорт, ошондой эле топоздун этин экспорттоо сыяктуу ар

Кайрымдуулук фонд Люксембургдагы ичүүчү суу системасын жаңыртып жатат

Коом

Кайрымдуулук фонд Люксембургдагы ичүүчү суу системасын жаңыртып жатат

«Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду аркылуу Ысык-Ата районунун Люксембург айылында суу түтүктөрүн жаңыртуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ысык-Ата районунун администрациясы билдирди. Такталгандай, иштер В.Марковский көчөсүнүн эки чакырым суу түтүктөрүн жаңыртуу иштери жүрүүдө. Суу түтүктөрүн айыл өкмөтүнө тапшыруу иш-чарасына райондун акими Алмазбек Осмонов, кайрымдуулук фонддорунан инвестиция тартуу боюнча Чүй облусунун куратору Туратбек

Таласта көйгөйлүү көчөлөр оңдолууда

Коом

Таласта көйгөйлүү көчөлөр оңдолууда

Таластын башчысы Эрмат Джумаев жолдорду оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Анда мэр Эрмат Джумаев тийиштүү мекеме, ишкана жетекчилеринин бул жаатта  жоопкерчиликтүү ишин баса белгилеп, аткарылып жаткан иштердин сапатына жана мөөнөтүндө бүткөрүүгө өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле айрым мүчүлүштүктөрдү  тезирээк жөнгө салуу тапшырмасын берди.

Кыргызстандык текстилчилер Италиянын рынокторуна чыгууга кызыкдар

Бизнес

Кыргызстандык текстилчилер Италиянын рынокторуна чыгууга кызыкдар

Кыргызстандын төрт тигүү компаниясы 2023-жылдын 11-июлунан 13-июлуна чейин Миландагы көргөзмөгө катышты. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Бул платформа Италия рыногу менен түздөн-түз таанышууга жана өлкөбүздүн таанылышын жогорулатууга мүмкүндүк берди. Бул сапардын алкагында биздин катышуучулар төмөнкү жерлерде болушту: • Италиядагы кездемелер жана аксессуарлар боюнча эң ири көргөзмө Milano Unica; • 85 жылдык тарыхы

Иштеп жаткан жарандар үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмү эки эсе көбөйтүлдү

Коом

Иштеп жаткан жарандар үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмү эки эсе көбөйтүлдү

Иштеп жаткан жарандар үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмү эки эсе көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди. Иштеп жаткан жарандар ооруп калган учурда, аларга убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул төлөнөт. Жөлөкпул биринчи он иш күнү үчүн эмгек акынын 100% өлчөмүндө, ал эми 11-иш күнүнөн тартып 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө

Төө-Ашуунун туунелинде асфальт төшөлүп башталды

Коом

Төө-Ашуунун туунелинде асфальт төшөлүп башталды

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы туннелдин унаа жолуна асфальт-бетон төшөө иштери башталды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» МИ билдирди. Такталгандай, туннелдин 2 510 м түзгөн унаа жолу толугу менен асфальтталынат. Иштерди «Кыргызавтожолдун» «Туннелдерди пайлалануу, оңдоо жана күтүү кызматы» филиалы.

Экс-министр Динара Кутманова 9-августка чейин камакка алынды

Бийлик

Экс-министр Динара Кутманова 9-августка чейин камакка алынды

Экс-министр Динара Кутманова 15 күнгө УКМКнын камагында калды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, сот Динара Кутманованы тергөөнүн жүрүп жаткан мөөнөтүндө, башкача айтканда, 9-августка чейин УКМКнын абагында калтырды. Эске салсак, буга чейин Жаратылыш ресурстары министрлигинин экс-жетекчиси бир нече коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш

Бакыт Төрөбаев Ош облусундагы мектептердин курулушун текшерди

Бийлик

Бакыт Төрөбаев Ош облусундагы мектептердин курулушун текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Суу жана Өзгөн районундагы салынып жаткан мектептердин курулуш иштери менен жеринде таанышты. Бакыт Төрөбаев мектептин сапатына жана бүткөрүү мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгилеп, бул иштерди толук бүткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлөөрүн билдирди.