Аксы районунда ашар жолу менен курулган мектептин ордуна жаңы имарат курулат – төрага тапшырма берди
Аксы районунун Жаңы-Жол айылында жайгашкан №10 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектеби ашар жолу менен курулган. Анын ордуна жаңы имарат курулат. Бул тууралуу тапшырманы ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиев берди.
Эске салсак, Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышты. Жаңы-Жол айылынын мектебинде 900гө жакын окуучу билим алган.
Ошондой эле мектепке заманбап компьютерлер тапшырылды.