Бийлик
Жалал-Абаддын электр тармактар ишканасынын автопаркы жаңыланды
Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору Сүйүнбек Усенов, КУЭТ тарабынан бөлүнгөн 9 даана жаңы авто унааларды район электр тармактар ишканаларына тапшырды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 6 бригадалык унаа жана 3 экскаватор зарыл болгон район электр тармактар ишканаларына бөлүндү. Алыскы тоолуу жана керектөөчүлөрү көп, электр чубалгылары узун райондорго берилди.