Коом
Ош облусунун районундорунда арзан көмүр саткан атайын базалар ачылат
Ош облусунда күз-кыш мезгилинде көмүрдүн баасын туруктуу кармоо жана калкты камсыздоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, жыйынга президенттин өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев жетекчилик кылып, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош аймактык башкармалыгынын башчысы Токтогул Мамашов, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын